Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:39

Кош бол, Султан Акторпок досум! (1959 — 2018)


Султанбек Жумагулов.
Султанбек Жумагулов.

Публицист Тынчтыкбек Чоротегин маркум Султанбек Жумагуловдун элесине арналган макаласын сунуштайт.

Аттиң, дүйнө!

Элибиздин дагы бир кулунун аёосуз ажал алып тынды…

Билген кишилерге ал өзгөчө жароокер эле.

Нечендеген жаш журналисттер аны өз устаты, пири катары жогору баалап, эскерүүлөрүн жазып жатышат. Чынында да маркум Султан айкөл жан болчу.

Ал калайыкка кеңири таркалган «Ленинчил жаш» гезитинде (совет доорунда), «Эркин Тоо», «Асаба» сыяктуу басылмалада (1990-жылдары) ар кыл жооптуу кызматтарда иштеди.

Би-Би-Си Кыргыз кызматынын Бишкектеги бюросунун багыттоочу кабарчысы, Ай-Даблю-Пи-Ар (IWPR) медиа институтунун Бишкектеги тыш кабарчысы, «Азаттык» үналгысынын Бишкектеги бюросунун - «Азаттык Медиа» мекемесинин жетекчиси, ЭлТРдин жетекчисинин милдетин аткаруучу, КТРКнын Башкы деректири жана башка кызматтарды аркалап жүрүп, ал калыс, объективдүү, бейтарап журналист жана таалимчи катары үзүрдүү иштеди. Өзүнүн билгендерин жана топтогон тажрыйбасын дарстар, семинарлар, жолугушуулар аркылуу кеңири жайылтып, жүздөгөн шакирттерди медиа турмушунун университетинен ыктыярчы устат катары телчиктирди.

Эсимде, ал Би-Би-Сиден алган тажрыйбасын өзүнчө китепче кылып да жарыялаган эле. Бул китепче аркылуу ал өзү менен түздөн-түз дидарлашпаган жаш адистерге да мыкты кесиптик жолдомо сунуштаган десек жаңылышпаспыз.

Мен Би-Би-Си Кыргыз кызматынын Лондондогу кеңсесинде иштеп жүргөнүмдө ал биздин батирде да жашап, семинарларга, машыктыруу сабактарына катышып кеткен. Кийинчерээк Прагада “Азаттык” үналгысында иштеп жаткан кезимде да Чехиянын ордо шаарына келип кетти. Ошондо далай ирет баарлаштык.

Күн сайын жолугушпасак да, тагдыр чечээр учурларда Султаке акылдашып калаар эле.

Бир ирет ал:

Мени Ак Үйгө басма сөз кызматына чакырып жатышат, эмне кылсам?” – деп электрондук кат жазып жибериптир.

Ал кез – Курманбек Бакиевдин заманы эле. Президенттин жарлыгында далай грамматикалык жана стилдик каталар кетип жаткан. Ошолорду оңдоо жана медиа менен кызматташтыкты дурус жолго коюу үчүн Султакедей адистер мамлекетибиздин Ак Үйүнө өзгөчө керек болчу.

Мен “тартынбастан Ак Үйгө бара бер” дегендей кеңеш кылгам.

Анан эле Максим Бакиев менен Оксана Малеванаянын доору башталды. Султаке реформачыл демөөрү сынып быякта эле калды.

2010-жылы апрелдеги ыңкылаптан соң Ала-Арча капчыгайына досубуз, коңшусу Аалыбек Акунов экөөнү чакырдым. Султаке өзү баштан кечирген окуяларды жымсалдабай айтып берди. Маселен, 2010-жылы мартта Ак Үйдүн басма сөз тармагын тейлеген бөлүмүндө “Азаттык” үналгысынын берүүлөрүн обого чыгарган жергиликтүү медиа шериктерибизге бул берүүлөрдү чыгарууга тыюу салуу маселесин талкуу кылышып, ошондо тыюу тууралуу бул сунушка өзү гана жалгыз каршы чыккандыгын Султакебиз айтып берген эле.

КТРКнын жетекчиси катары ал 2014-жылы жакшы эле шымалана киришкен. Менимче, жаңылыктарды баланс менен берүү, спорт каналын ачуу жаатында анын тушунда кыйла саамалыктар болду.

Бирок анын пенделик талуу жери да бар эле. “Бөдөнө сүтүн” ушул саптардын ээси деле татып келет, бирок Султакебизге ал “сүттөн” таптакыр алыс болуу керек эле. Анын бул талылуу жагын пайдалануу менен, удулун таап, жалганды чынга аралаштырып көбүртүп жазып жатып, аны ыктыяры менен кызматтан кетүүгө түртүштү. Ал кезде Султакебиздин КТРКдагы реформалык аракеттерин КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөсү катары ырааттуу колдогондор дагы бозала болуп кала бердик. Бул оош-кыйыш учур да кийинчерээк өзүнчө талданаар.

Султакебизге өкмөттүк жооптуу милдетти – маданият министри кызматын тапшырышкан чакта, чынын айтыш керек, мен сыртта болчумун. Эгерде мурдагысындай алдын ала сурачу болсо, балким, "кызматтан баш тарт" дейт белем, ким билсин?

Бакшылардын түрткүсү менен Баткенге мыйзамсыз жеткирилип, мусулманча көмдүрүлгөн байыркы мумияны тез арада музейге кайтаруу жаатында Султакеге Интернеттеги коомдук тармактар аркылуу бир нече ирет кайрылдым.

Чоң өкүтүм ушул – мумия боюнча соболум ара жолдо калган соң, ага жолуккан да жок элем. Ал саламаттыгын жемирген ырайымсыз жоо менен бир нече айдан бери айыгыша кармашып жатканын өтө кеч угуп калдым. Аттиң ай!..

Султакебиз журналист, педагог, коомдук ишмер, өкмөт мүчөсү катары өтөлгөлүү өмүрдү баштан кечирди.

Бир кичинекей мисал айта кетсем, ал өз аты чыга электе эле туулуп-өскөн айылындагы орто мектепте мыкты окуган идиректүү бүтүрүүчүлөргө өз атынан каржылык сыйлык берип келген. Демек, кичи мекенинде да таланттуу жаш муундарды тарбиялоого огожо болгон.

Султакебиз «Акторпок» адабий аты менен нечендеген сатиралык чыгармаларды жаратып, өз элин күлкү, азил, куйкум сөз, такмаза, шакаба аркылуу ойготуп келди.

Мисалы, Султакебиздин «Президенттиктен өзүм эле кетем!» деген чакан аңгемесинде анын калемине таандык өзгөчө кытыгылаган юмор камтылган. Дал ушул аңгемеси аркылуу ал өткөөл замандын саясий көйгөйүн советтик сатирадан эгемендик доордогу сатиралык адабиятка көпүрө болгон кара сөздөгү юмор түрү менен таасын чагылдырган.

“Ушул жигит өзүнүн келинчеги менен кошо томолой жетим экен, эптеп аны президент болууга көндүрсөк, нагыз калыс башкаруучуга ээ болобуз” деп жакшы үмүт менен жети дубандан келген аксакалдар аны көндүрөөр замат өзүмчүл кыйды чалдарга айланышат да, өздөрүнүн жакындарын чоң кызматка койдуруу үчүн алпуруша башташат:

...Ал аңгыча аксакалдар блакнотторун жарыша жая салып, менин өкүматыма улам бир кишисин кыстап кийире баштады.

Ортодо таможныйдын чоңун талашып, сакалдарын да жулмалашып ийишти. Налоговуйдун төбөлү дегенде да бири-бирин төбөлөп, араң дегенде ажыраттык.

Дагы эки карыя көздөй кишилерин унутуп калган экен, аны эстей калышып, о өкүматымды кайра кураганга өттүк.

Ызылдай берипчи, түн бироокум болуптур. Аксакалдардын кетчү түрү жок, орун бөлүштүрө албай жетөө жети сыйра жакалашып чыгышты.

Ал эртеси да, анын эртеси да уланбайбы...

Айласы алты кеткен баягы президенттикке талапкер болгон жаткан жигит анан эмне кылды дебейсиздерби?

Дал ушул жерде Султаке окуяны кызыктуу бүтүрөт:

Акыры айттым да жайелечи:

- Ой, айланайын, акалар, абалар, байакелер! Мен уже тойдум береседенттикке.

Жети жагыңар тең кыбыла, бу бизди жайыбызгале койгулачы. Мен афицалный атыставкага кеттим!!!

Балким, бул чыгармага диктатордук өлкөлөрдө (эсеби маселен Түркмөнстанда же Түндүк Кореяда) тыюу салынаар?

Ал эми кош ыңкылапты көргөн жана бир киши алты жыл бою мамлекет башкарышы өтө эле узак болуп калат окшойт деп чоң санаага түшүп калган Ала-Тоо эли үчүн президенттикке талапкерликтен расмий түрдө баш тарткан томолой жетимдин жоругу боорду эзчү эле окуя го дейм.

Ыраматылык Султан Акторпоктун айрым орусча сөздөрдү чыгармаларына “өтө эле катыктап” кошуп жазганын өзүнө сындап айткан элем, бирок анын трайбализмге каршы бул аңгемесин мааниси бөксөрбөгөн чыгарма катары өзгөчө орунга коюу зарыл.

Ал сатиралык чыгармаларынын бир бөлүгүн гана өзүнчө жыйнак кылып жарыялады. Маркумдун совет доорунан берки жарык көргөн жана жарыялана элек сатиралык мурасын жыйнап, жарыкка чыгаруу иши эми алдыда турат.

Султан Жумагуловдун кайра куруулар жана эгемендик доорундагы коомчулуктун бүйүрүн кызыткан далай журналисттик изилдөөлөрү, макалалары да өзүнчө китеп иретинде кайра жарыяланууга тийиш.

“Эркин-Тоо” гезитинин бир кездеги баш редактору Мелис Айдаркулов агабыз эскергендей, бул гезиттин журт ойготкон маалымат камтылган далай номурларын киосктордон түрө кыдырып сатып алып, элге анын материалдарын жеткирбей койгонго алпурушкандар да чыккан. Ал кезде Султакебиз аталган гезиттин редакторунун орун басары эле.

Султанбек Жумагулов эгемен өлкөбүздө атуулдук коомду калыптандырууга журналист жана публицист катары албан кызмат өтөдү.

Султанбектин ата-апасы, өмүрлүк тиреги болгон аяшыбыз, кыздары, уулу, жалпы туугандары ушул күндөрү аскар тоосу кулап, асманы түшүп, оор кайгыга батып жаткан тапта, аларга көңүл айтам, кайраттуу, сабырдуу болушун тилейм.

Кыргызстанда гана эмес, дүйнөнүн чар тарабында да жүргөн досторуң, пикирдештериң түгөл үй-бүлөңдүн азасын бөлүшөт.

Жаткан жериң жайлуу, топурагың торко болсун, Султаке!

Сенин жаркын элесиң эми эл эсиндеги жаңы өмүрүн баштады.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG