Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:07

Президенттиктен өзүм эле кетем!


Пост-советтик доордогу кыргыз сатирачыларынын өкүлү Султан Акторпоктун бул аңгемеси мамлекет башчысын жек-жаатчылыкка тарткан “дүжүр чалдарды” өзгөчө “даңазалайт”. Бир нече жыл мурда жазылган бул аңгеменин стилин өзгөртүүсүз калтырдык.

Балитический бопорос


Мен афисалный атыставкага кеттим!!!


О биртоп аксакал-көксакал карпа-күрпө келип калбайбы үйгөчү, жататлем жамбаштап телебизор менен аяшыңарды алмак-салмак тиктепчи.

Сүйлөгөндөрүнө караганда, Түштүгүнөням бар, Түндүгүнөн бар, ичкилигиненям бар, аркалыгынан келгени, баш-аягы жети киши.

Мындай көчүк басып, битта пиаладан чай уурташкан соң, сен айтасыңбы же мен айтайынбы деп бири-бирине ишаара кылып, о сакалдуусу го чамасы, кеп баштаганы:

- Энди, калбасанын узуну, кептин кыскасы жакшы болот эмеспи, мындай да, ини-үкөм, машу бир ууч кыргызга береседент токтободу өзүчү, түндүгү түштүгүням алып түшөт, аркалыгын ичкилиги итерип салат, минте берсекчи, бири-бирибиздин каныбызды кактап ичип бүтүп, мамилекет болуштан калабыз да, туурубу? - деп как будто мен пайгамбардан бетер мага суроо салып калыптыр.

- А причем тут я? – дептирмин орто мектепти орусча окуган жаным аңкоо жылмайыпчы.

- Орусча билгениң жакшы дечи, причем болсо мындай да, какыраз сени береседент көтөрөйлү деп келдик, ток этер жерин айткандачы.

Аксакалга карасам, айнып калгандай деле түрү көрүнбөйт, башкалары да отуру сакалдарын жайкалтып, баштарын ийкепчи. Нармалныйле адамдар.

- Бу тамашаңар кызык экен, аксакалдар, мен эми кыргызга береседент болгудай же күнөөм болбосо, же Чымкоргон менен Майлысайда жатып чыкпасам, дени-кардым сопсоо турса, – деп конокторго жана суроолу карап калбаймынбы.

- Эй бала, токтот, - деп ордунан обдулду бир өткүр чалы мени сразым өчүрүп. – Биз, дейт, сени менен мазеке чалышканы келген жокпуз да. Сени киши деп келип турбуз. Саган биз бу айтпай кыргызды түрө кыдырып, колго ичтеме илинбегенчүн келип турбуз. Бу мүлдө кыргызды бир сыйра сүрүштүрсөк, сенден башка тууру келчү ичким жоктон келип турбуз!

- Катының экөөң тең топтомолок жетим болгончүн келдик силерге, каяктан бу издешпей табышкансыңар өзү? - деп дагы бири туурадан каптап чыкканы. – Бу сен же тууган-туушканы, же жерге-жээги, же карын-кайыны жок, круглыйле томаяк турбайсыңбы?

- Дажы сенде бала да жок экен, катуу тийсе кечир, шончүн береседенттикке тууру келет деп келибатпайбызбы саган! – деп үчүнчүсү куюшканга кыпчыла калганы. – Сенчи, үкам, сүрүштүрсөкчү – же саякмес же сарбагышмес, же саруумес же кушчумес, же адигинемес же ичкиликмес экенсиң, о киндик кан тамган жериңям белгисиз дегин...

- Кызым, айланайын кечир, бу келин бала да туубайт экен го? – деп төртүнчүсү күнөөлүү ийилип, суроо жылдырды. – Кыргыз журтунда силер гана жалгыз экземпляр экенсиңер, ушуларды издештирбей кошкон кудайдын барманын кара, кудай айланайын, өзүң кечир.

Карасам бу аксакалдар тамашалабаткан жери жоктой.

Кой, дедим, булардын үмтүнө эрте жарыкта муздак суу сээп, жолго салбасам, чото кеп катуу жагына ооп кетчүдөн.

- Ошо да, - дедим мен башты жерге салып, - теги жок адамды да береседент кылабыз деп сиздер да бир чоң куудул экенсиздер. Өзбек менен казак укса эмне дейт, арты менен күлүшпөйбү, бу кыргыздын крышасы жылып калганбы-ы, эми жетесизге күнү түшүптүр дебейби?

- О ошо тегин урдук! – деди арыдан топурагы жеңил чунак чал түзеле как точкага аттыпчы. – Тектүү дегендер имне кылды? Кана айтчы, имне кылды? Келет, кокосуна чейин арамга батат, кулкусунан аварий болот, аягынан аварий болот, же дүнүйөгө тойбойт, же катынга тойбойт, о көзү топуракка тойуп өлгүлөр десе! Ошо тектүү кыргыз баласы береседент болсо, бизди ушинтип думана кыла беле, кыргыздын кырк райодун кыдыртып, а?

- Айланайын, аксакалдар, ушу мени береседент бол деп келгениңерге аялым экөөбүз жетине албай, төбөбүз космоско тийгенсипле калды. Бирок биз эчкимге жамандыгыбыз деле жокле, береседент болгудайчы. Аржактагы Акүй-Көкүйдү карагылачы, канча саясатчылар жүрөт береседент болалбай көзү катып, алды уже сүрсүп бүтөйүн деп калды, ошолорго кайрылгылачы... – деп жалбарып да ийдим бут алдыларына жыгылыпчы.

- Коп ордуңан, айланайын иним, тизелебе, же сен кыргызга береседент болосуң, же могу жети чал үйүңөн чыкпай жатып алабыз, биерден өлүгүбүз гана чыгат. Ошого чыдайсыңбы, баатыр, жети чалдын көйнөк - дамбалын биз өлгүчө жууп көрсүнчү аркы келин бала!

Бул өтө катуу ударле, аялыңдын жети чалдыкын күндө жууп, балкондо кургатып отурганычы.

Айтору, акыры какмар чалдар аялым экөөбүздү чыркыратып отуруп, көндүрүп тынышты.

Аялым экөөбүз тагдырга моюн сунуп, береседенттикке камдана да баштадык.

Кайра ыссык чайды буулантып, мамилекет тагдыры тууралу кобурашып отуруп калдык.

Ал чунак карыялардын чекеси тердей баштаганда бирөөсү ордунан обдулуп айтып турганы:

- Энди, ини-үкөм, бир таклибим барле, айтып калайын. Эртеге береседент болуп отурсаң, а киралбай калам да. О менин бир жээним бар дегин, өзү дипломдуу, түбү жаманмес, актиптин тукуму, ошол саган караан болобу дейм да, бу премерге пышалек ко, о министрге жарайт, ошоду аласың кызматка, боптубу?

- Мына менин иним да министрликке жарайт, университетти бешке бүткөм депле мактанып жүрү өзү, бир көрөйлүчү анын дымагын, ошону жазып койсоң өкүматыңа...

- Бу биздин айылды да унута көрбө, айланайын, бир кызым бар да, абыдан тың, могу аппак сакалым менен атвечайт этем, орусча, кыргызчаны кой, англисче билем деп жүрөт, министрдин арабасын тарталат. Тартат! Жаз аны, мына памийласы.

Ал аңгыча аксакалдар блакнотторун жарыша жая салып, менин өкүматыма улам бир кишисин кыстап кийире баштады.

Ортодо таможныйдын чоңун талашып, сакалдарын да жулмалашып ийишти. Налоговуйдун төбөлү дегенде да бири-бирин төбөлөп, араң дегенде ажыраттык.

Дагы эки карыя көздөй кишилерин унутуп калган экен, аны эстей калышып, о өкүматымды кайра кураганга өттүк.

Ызылдай берипчи, түн бироокум болуптур. Аксакалдардын кетчү түрү жок, орун бөлүштүрө албай жетөө жети сыйра жакалашып чыгышты.

Ал эртеси да, анын эртеси да уланбайбы.

Акыры айттым да жайелечи:

- Ой, айланайын, акалар, абалар, байакелер! Мен уже тойдум береседенттикке.

Жети жагыңар тең кыбыла, бу бизди жайыбызгале койгулачы. Мен афицалный атыставкага кеттим
!!!

Султан АКТОРПОК.

XS
SM
MD
LG