Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:21

Сыйлык ыйгаруу кеңешмеси ачык өттү


Сыйлык ыйгаруу кеңешмеси ачык өттү
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:50 0:00

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинде мамлекеттик сыйлыктарды берүүгө багытталган кеңешме журналисттердин катышуусу менен биринчи жолу ачык өттү. Мындай аракет сыйлык тапшыруу жаатында ачык-айкындуулукту камсыз кылуу жана коррупциялык көрүнүштөрдү жок кылуу максатын көздөйт. Быйыл аталган министрликке өкмөттүк сыйлыктарды алуу үчүн 367 сунуш түшкөн. Бирок анын ичинен 70 адам тандалып алынат. Президиумдун 17 мүчөсү кеңешкенден кийин купуя добуш берүү аркылуу сыйлыкка татыктуулар тандалып, Президенттик иш башкармалыктын алдындагы атайын комиссияга сунушталат. Министр Султан Жумагулов быйыл айылдык кол өнөрчүлөргө көңүл бурууну үгүттөгөнү менен элеттен сыйлык сурагандар болбогонун билдирди.

XS
SM
MD
LG