Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:26

Бишкекте кыргыз-тажик чек арасы боюнча кезектеги сүйлөшүүлөр өтөт


Назирбек Бөрүбаев.
Назирбек Бөрүбаев.

Кыргыз-тажик чек ара маселесин талкуулап жаткан эки тараптуу жумуш тобунун кезектеги жыйынын Бишкекте 8-июндан 13-июнга чейинки аралыкта өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу 29-майда «Азаттык» радиосуна кыргыз өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев билдирди.

Бөрүбаев тажик делегациясынын Бишкекке келерин күтүп жатышканын, ортодо диалог бар экенин айтты:

“Ооба. Диалог жана контакт бар. Алар келерин айтып нота менен кайрылышкан, биз келгиле деп жооп бергенбиз”.

Быйыл 28-30-апрелде жана 1-майда Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 36 кыргызстандык курман болгон. Тажикстан 19 жараны каза болгонун билдирген. Эки өлкө бирин бири айыптап, кылмыш иштерин козгошкон.

Бөрүбаевдин айтымында, бул окуядан кийин эки өлкөнүн чек ара боюнча жумуш тобу эки жолу жолугушуу өткөргөн. Алардын бири Ошто, экинчиси Дүйшөмбүдө өткөн жана 30 чакырымдай чек ара тилкеси талкууланган.

Кыргызстан төрт мамлекет менен чектешет. Казактан жана Кытай менен чек ара тилкелери такталып бүткөн. Өзбекстан менен 95 процентке жакыны такталган.

Тажикстан менен сүйлөшүүлөр 2002-жылы башталган, ортодогу чек аранын 60 пайызга жакыны такталган. (KKs/RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG