Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:14

COVID-19: Европада өспүрүмдөрдү да эмдөөгө жол ачылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Европа Биримдигине кирген мамлекеттерде коронавируска каршы Pfizer/BioNTech вакцинасы менен эми өспүрүмдөрдү да эмдөөгө жол ачылды. Европанын дары-дармек боюнча агенттиги бул вакцинаны 12-15 жаштагы балдарга да сайса болору тууралуу чечим чыгарганын “Рейтер” агенттиги 29-майда кабарлады.

Март айында Pfizer жана BioNTech компаниялары 2 миңден ашуун өспүрүм катышкан изилдөөнүн жыйынтыгын чыгарып, вакцина коронавирустан 100 процент коргой турганы жарыялаган.

Өспүрүмдөрдү эмдөө боюнча чечимди эми ар бир мамлекет өз алдынча кабыл алышы керек. Германия бул вакцина каалоочу балдарга 7-июндан тартып сайыла баштарын билдирди.

Дүйнөлүк саламаттык уюмунун Европа бюросунун директору Ханс Клюге дүйнө калкынын 70 проценти эмделмейинче COVID-19 пандемиясы токтобой турганын билдирген.

Бүгүнкү күнгө карата 8 миллиардга чукулдаган дүйнө калкынын 1,5 миллиарды коронавируска каршы эмделди. Вакцина алгандар боюнча алдыңкы сапта Кытай, АКШ жана Индия турат. (RK)

XS
SM
MD
LG