Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:04

Медакадемиянын ректору болуп дээрлик бир добуштан Кудайбергенова шайланды


Медакадемияда өткөн акция. 2021-жылдын 28-майы.
Медакадемияда өткөн акция. 2021-жылдын 28-майы.

Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын ректору болуп кайрадан Индира Кудайбергенова шайланды. Шайлоо бүгүн 29-майда өтүп, ага катышкан 731 профессор, окутуучунун 698инин добушу Кудайбергеновага тийди. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна академиянын басма сөз кызматы кабарлады.

Калган үч талапкердин арасынан Эркин Алымбаев 11, Зиябидин Айдаров 12 жана Жолдош Шаршембиев 10 добуш алышты.

Бүгүнкүгө белгиленген шайлоону Билим берүү жана илим министрлиги токтоткону белгилүү болуп, 28-майда окуу жайда нааразылык акциясы өткөн. Акцияга чыккандар шайлоону убагында өткөрүү талабын коюшкан жана президентке кайрылуу жолдошкон.

Индира Кудайбергенова 2000-2016-жылдары бул окуу жайда проректор, ректордун милдетин аткаруучу, кафедра башчысы болуп иштеген. 2016-жылдан бери ректорлук кызматты аркалап келип, бул жолку шайлоого талапкерлигин койгон соң ректордун милдетин Андрей Сопуев аткарып жаткан.

Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медицина академиясы 1939-жылы уюшулган. Ректорду окуу жайдын жамааты төрт жылда бир шайлайт.

Айрым маалымат каражаттары Медакадемиядагы кезектеги ректор шайлоо жараянын жеке кызыкчылыктардын кагылышы коштоп жатканын жазышкан. Ал жерде миңдей адам иштейт, 10 миң студент бар.(RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG