Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:10

ИИМ: Маңзат бизнесине аралашкан милиционер кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чүйдө милиция кызматкери маңзат бизнесине тиешеси бар деген шек менен кармалганын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы 29-майда билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, 28-майда Сокулук районунун Орок айылында жергиликтүү тургундан 1,5 килограммдан ашуун салмактагы апийим табылып, ошол эле күнү 25 грамм маңзат менен райондук ички иштер башкармалыктарынын биринде айдоочу болуп иштеген 50 жаштагы киши кармалды.

Маңзат бизнесине аралашкан милиционерлер кармалганы тууралуу маалыматтар буга чейин да болгон. Быйыл март айында Ошто маңзат ташып саткан адамдарды калкалап жүргөн деген шек менен жетекчилик кызматта иштеген киши кармалган.

Кыргызстан Ооганстанда өстүрүлгөн баңги заттарын Орусияга жана Европа өлкөлөрүнө жашыруун алып өтүүчү трафикте жайгашкан өлкө экенин адистер айтып келишет.(RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG