Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:36

Мурдагы депутат Исхак Пирматов камалганы кабарланды


Исхак Пирматов.
Исхак Пирматов.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исхак Пирматов бүгүн, 31-майда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине суракка чакырылганы тууралуу маалымат тарап, андан соң анын "мыйзамсыз баюу" беренеси менен кармалганы маалымдалып жатат. Атайын кызмат бул кабарды ырастай элек.

28-майда Борбордук шайлоо комиссиясы "Бир Бол" фракциясынан депутат болуп шайланган Исхак Пирматовдун мандатын мөөнөтүнөн эрте токтотуу тууралуу чечим чыгарган. Буга анын өзү жазган арызы себеп болгону айтылган.

Бүгүн мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов да Кумтөр ишине байланыштуу УКМКга суракка чакырылып кармалган. Жогорку Кеңештин экс-спикери Асылбек Жээнбеков, депутат Төрөбай Зулпукаров жана мурдагы премьер-министр Игорь Чудинов да суракка кирген бойдон чыга элек. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG