Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:06

Кытай Кыргызстанга ун, шекер жана өсүмдүк майын берет


Кытайдын вакцинасы.
Кытайдын вакцинасы.

Кытайдан Кыргызстанга азык-түлүк жана гранттык жардам келет. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык өлкөгө Кытайдан 40 миң тонна ун, 20 миң тонна кумшекер, 20 миң тонна өсүмдүк майын жана 350 млн. юань (54 млн. АКШ доллары чамасында) акча каражат грант түрүндө берилмекчи.

Кытай мындан тышкары дагыкоронавируска каршы "Sinopharm" вакцинасынын 150 миң дозасын гуманитардык жардам катары берери айтылды.

"Кыргызстандын Кытайга болгон мамлекеттик тышкы карызы боюнча төлөмдөрдү кийинкиге жылдырууда кошумча төлөмдөрдү эсептебөө, COVID-19 пандемиясынын кесепетинен убактылуу токтоп калган ишти улантуу үчүн Кыргызстага гранттык долбоорлорду ишке ашырууга кытайлык адистерди жөнөтүү маселеси чечилди" деп жазылган расмий маалыматта.

Буга чейин Кытай Кыргызстанга коронавируска каршы 150 миң доза вакцина берген. Ал 75 миң кишини эмдөөгө жетери кабарланган. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG