Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:09

"Сапат" билим берүү мекемесинин негиздөөчүсү Орхан Инанды дайынсыз болууда


Орхан Инанды.
Орхан Инанды.

Кыргызстандагы "Сапат" билим берүү мекемесинин ээси экени айтылып жүргөн Орхан Инандыны 31-майдан 1-июнга караган түнү белгисиз адамдар уурдап кеткени кабарланууда.

"Азаттыкка" жеке булактар ал түндө өзүнүн менчик автоунаасы менен кетип бара жатканда жоголгонун билдиришти. Жакындары анын дайынсыз болуп жатканы тууралуу Бишкектеги Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө арыз жазышты.

Арызда 1-июндун таңында Чыңгыз Айтматов көчөсүндө жайгашкан үйдүн эшигинин алдынан Инандынын "01KG 599AHR" мамлекеттик номерлүү "Lexus 470" үлгүсүндөгү автоунаасынын эшиги ачылып, ичи бош турганы, анын ээси Орхан Инанды 31-майда кечки саат 18:00дө байланышка чыккан бойдон дайынсыз экени белгиленген.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы бул маалымат боюнча комментарий бере элек. Азырынча Инандынын кайда экени жана аны кимдер уурдап кеткени белгисиз.

Кыргызстанда 20дан ашуун "Сапат" жеке лицейи, "Ататүрк-Алатоо" университетинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инанды теги түркиялык, бирок Кыргызстандын жарандыгын алган.

2016-жылы Түркиянын бийлиги диний аалым Фетхуллах Гүленге таандык деп эсептелген билим берүү мекемелеринин ишин токтотууну Кыргызстандан талап кылган. Расмий Бишкек түрк лицейлери өлкөгө эч кандай коркунуч келтирбей турганын билдирген соң эки өлкөнүн мамилеси сууй түшкөн. 2017-жылы Кыргызстанда 1992-жылдан бери иштеп келе жаткан «Себат» билим берүү мекемелери бийликтин чечими менен «Сапат» болуп өзгөргөн.

2018-жылы Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын 1-сентябрда Кыргызстандагы расмий сапарынын жүрүшүндө «Маариф» фонду менен кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюлган. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG