Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 23:19

Казаков: "Сүйүү жазы" түшүмдө жаралган


Түгөлбай Казаков.

Кыргыз Эл артисти, композитор Түгөлбай Казаков быйыл 70 жылдык мааракесин белгилеп жатат. Жакында ал отчёттук концертин берди.

“Сүйүү жазы”, “Жамгыр төктү”, “Элегия”, “Күтүү” жана башка элге кеңири таанылган чыгармаларды жараткан обончу "Азаттыкка" маек куруп, музыка, эргүү, айрым обондорунун тарыхы тууралуу айтып берди.

"Азаттык": Обончулук өнөрдүн миссиясы кандай? Дегеле обончулук дегенде эмнени айткыңыз келет?

Түгөлбай Казаков: Менин замандаштарым, биздин муун абдан жакшы обондорду угуп чоңойдук. Атай Огомбаев, Муса Баетовдордон тартып, кийинкилерден Рыспай Абдыкадыровго чейинки мыкты обончулардын чыгармаларын жан дүйнөбүзгө сиңирдик. Биз уядан ушуларды көрүп, учканда ушуларды алабыз дедик. 1970- жылдарда чыккан жакшы обончулардан Жолболду Алыбаев баштаган өнөр адамдарынын көпчүлүгүнүн өнүп-өсүүсүнө Рыспай Абдыкадыровдун ролу чоң деп ойлойм. Анткени, баары анын ырларын угуп, андан таасирленип, тарбияланышты. Өнөр адамдарынын атакты көтөргөнү болот, бири көтөрө албай кетет. Кээ бирлери асмандан түшүп калгансып, өзүнөн-өзү пайда болгондой сүйлөйт эмеспи. А чындыгында, адам кимдир бирөөдөн таасирленет. Ошондон улам көкүрөктө пайда болгон көркөм табиттин майнаптары ал кишини ошол таасирден кайра сууруп чыгышы керек. Сууруп чыгып, өзүнүн жолун таап кетиши керек, а эгер анте албай калса, таасирленген адамы кайсы жерден токтосо, таасирленген киши да ошол жерден түгөнөт.

"Азаттык": Бүгүнкү күндөгү жаш обончулардын көчү кандай уланууда? Эртеңки келечеги кандай уланышы мүмкүн?

Түгөлбай Казаков: Азыркылар акыркы 30 жылдан бери кимден таасирленип, кандай ырларды угуп келишсе, ошол уккан ырларынын негизинде көкүрөгүндөгү табитти калыптандырат. Кандай ырларды угуп калыптанган болсо, ошол ырлардан бийик эмес ырларды чыгарат. Азыр өкүнүчтүүсү, түшүнүксүз, "кыңшылаган" обондор көп чыгып жатпайбы. Же сөзүндө маани жок же обонунда маани жок. Ошону чыгаргандын баары алардын кимдир бирөөдөн таасирленишинин натыйжасы. Алар андан артык чыгарышы мүмкүн эмес. Аларга Атайдын “Эсимдесин” угузсаң уктап калышы мүмкүн.

"Азаттык": Негизи эле баланы тарбиялоодо музыка канчалык мааниге ээ?

Түгөлбай Казаков: Орустардын бир киносу бар. Советтик тасмалардын бири болсо керек эле. Анда бакубат жашаган бир үй-бүлөнүн жалгыз баласы бар болот. Аны энеси "музыкалык мектепке беребиз" десе, атасы анын жөндөмсүз экенин айтып, караманча каршы чыгат. Ошондо энесинин “Мен мунун бандит болушун каалабайм” деп айтканы бар. Бул эмнеден кабар берет? Демек, музыка адамдын жан дүйнөсүн жумшартат, боорукер, элпек кылат. Медицинада да айрым ооруларды айыктыруу үчүн музыканы колдонгон учурлар көп. Турмуштун муштумун жеп, стресс болуп жүргөн адамдар да кайсы бир музыканы угуп жүрүп көңүлүн дарылашат. Жан дүйнөнүн жарааты деген көзгө көрүнбөгөн нерсе, ошону жакшы сөз, жакшы музыка менен калыпка келтирет да. Айта берсе музыканын пайдасы өтө эле көп.

"Азаттык": Обондоруңуздун кызыктуу жаралуу тарыхын баян кылып берсеңиз.

Түгөлбай Казаков: Эргүү ар кандай маалда келет экен. Кээде жумуш жасап жаткан кысталыш кезде да айрым кайрыктар келген учур болот. Аны андай маалда кармай албайсың. Жакшы кайрыктар далай эле кетти го. Менин бардык обонум кандайча жаралганы баары эсимде. Ошолордун ичинде бир обонумду түшүмдө уктум. Бул чындык. Ал кезде студент элем. Ресторанда музыканттардын тобунун жетекчиси болуп иштечүмүн. Эртең менен институтта музыка, түштөн кийин ресторанга келгенде дагы музыка. Алты-жети ай ушундай жашагандан кийин көкүрөктө музыка ойноп калат окшойт. Ушул музыкант үчүн абдан жакшы жагдай деп ойлойм. Ошондой күндөрдүн биринде түшүмдө ресторанда музыка ойноп отурам. Анан бир киши келип “жанагы жаңы обонду ойночу” деди. Мен болсо мурда бир да укпаган обонду ойноп отурам. Тиги киши “дагы ойно” дейт, мен дагы улантам. Кайталап жатып ойгонуп кетсем, кулагымда дале угулуп атат. Анда туугандарым менен тар үйдө жашаган учур эле да. Анан түн ортосунда эшикке нота барагымды алып чыгып, кагазга түшүрүп койдум.

"Азаттык": Жазбасаңыз жадыңыздан чыгып кетмек экен да?

Түгөлбай Казаков: Эртең менен нотаны карабай, эстеп көрөйүн деп такыр эстей албай койдум. Ошондо зерикпей туруп жазып койгонум жакшы болуптур. Ошол обонум - “Сүйүү жазы” деген ыр. Тексти Роза Карагулованыкы. Андан кийин түшүмө дагы обон кирсе экен деп көп эле тилендим, бирок бир да жолу кирбеди. Эмнеден жаздым экен, аны билбейм.

"Музыка мээни тазалайт"
please wait

No media source currently available

0:00 0:19:11 0:00

"Азаттык": Өнөрдүн кайсы багыты болбосун, таланттуу адамдын мыкты чыгарма жаратуусуна жаштык курактын артыкчылыгы болобу? Же кайсы учур болбосун шедеврлер жазылышы мүмкүнбү?

Түгөлбай Казаков: Албетте, артыкчылыгы бар деп ойлойм. Өзгөчө музыка - жаштыктын иши. Карап көрсөңөр, обончу Калыбек Тагаевдин “Элмира”, “Долон” , “Ат-Башым” сындуу жакшы обондору жаш чагында жазылган. Рыспай Абдыкадыровдун “Түгөйүм”, “Издейм сени”, “Алмашым”аттуу чыгармалары да 26-27 жаш курагында жазылган. Анткени, музыка жаштыкты жана назик сезимди, бузула элек, кирдей элек көңүлдү жакшы көрөт тура. А адам жашы өткөн сайын көкүрөгү кирдей берет да. Бирөөгө алданасың, дагы биринен көңүлүң калат дегендей.

"Кайрыктарды кагазга түшүрбөгөнүмө өкүнөм"
please wait

No media source currently available

0:00 0:12:34 0:00
Түз линк

"Азаттык": 70 жашка толгондо артты кылчайып, карап алып эмнелерди ойлондуңуз, кандай сезимде болдуңуз? Өкүнүчүңүз эмнеде?

Түгөлбай Казаков: Мага 60 деле, 70 деле бирдей эле болуп жатат. Болгону, юбилей жөнүндө сөз боло баштаса жоопкерчиликти түшүнөт экенсиң. Мен бир нерсеге өкүнөм. Жаш кезде кайрыктар өзүнөн-өзү келип турган учур болот. Көп жыл даярдыктан кийин бир көрөңгөгө ээ болгон кез. Буга бир мисал айтайын. Көлдө иштеп жүргөндө обончу Асанкалый Керимбаевдин үйүнө келсем, аккордеонун кармап алып, акын Омор Султановдун бир ырына обон чыгарам деп отурган экен. Жайын сурасам, эртеси Султановго жолукмак экен, ошого кур кол барбай, бир ырына обон чыгара барайын деп чечкен экен. Анан мен да “сен чыгарып бүтсөң колуңдагы китепти мага бер, мен да бир обон чыгара барайын” дедим. Анан Асанкалый “Жылдызым учат” деген обон чыгарды, мен “Коштошуу” деген обон чыгардым. Эртеси экөөбүз кудуңдап Омор агага жөнөдүк. Ошондой обондор көкүрөктө толкуп-ташып турганда деле биз жанталаша иштеген жокпуз. Мисалы, мен обонду “өзү келет” деп күтүп иштедим. Ошондон улам обонум аз го деп ойлойм.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG