Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:28

Эки дипломаттын эрегиши


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Маалымат айдыңында Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри Аскар Айтматов менен Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фыраттын Интернет аркылуу кайым айтышуусу жарыкка чыкты.

Достук мамиледеги эки өлкөнүн кесипкөй дипломаттарынын мындай тиреши дүйнөлүк практикада кыйла сейрек учурайт. Ошондуктан бул тууралуу кабарлар Интернет колдонгон жарандардын көңүлүн бурду.

Аскар Айтматовдун элчиге жазган каты жалпысынан элчинин жеке өзүнө багытталган. Өз катын ал кыргыз-түрк мамилелерин өнүктүрүүгө жумшаган өз эмгегин эске салуу менен баштайт.

Туура бир жыл мурун Сиз мага каршы жалаа жана каралоо өнөктүгүн баштадыңыз.

«Мен Түркияны өзүмдүн экинчи мекеним деп эсептейм, - деп жазган өз кайрылуусунда Аскар Айтматов. - Мен түрк коомунун ар кандай катмарларында көптөгөн байланыштарым бар. Ошону менен катар акыркы убакта Сиздин мага карата таң каларлык жана жагымсыз мамилеңизге күбө болдум. Сиз менен жолуккандан бери бир жыл өттү. Туура бир жыл мурун Сиз мага каршы жалаа жана каралоо өнөктүгүн баштадыңыз. Мени ФЕТӨ уюмунун мүчөсү деп жарыялап, Сиз мен тууралуу жалаа жапкан маалыматтарды таратып, менин Түркия жана түрк жарандары менен болгон байланыштарыма жолтоо боло баштадыңыз».

Аскар Айтматов өз катында Анкарага акыркы жолу барганда түрк президентинин кеңешчиси Ялчин Топчу жана түрк парламентинин депутаты Метин Гүндогду менен жолукканын маалымдаган. Алар быйыл апрелде Бишкекке түрк тасмаларынын жумалыгына келгенде азыркы элчинин айынан жолуга албай калганын билдирген.

Андан ары каттын ээси Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору Сабихаттин Балжи менен көп жылдан бери дос экенин, университетти түзүүдө жардам көрсөткөнүн жазган. Аскар Айтматов университеттин кампусу Чыңгыз Айтматовдун атын алып жүрөрүн, бирок элчинин кийлигишүүсүнүн айынан залкар кыргыз жазуучусуна арналган иш-чараны май айында өткөрө албай койгонун белгилеген.

Аскар Айтматов.
Аскар Айтматов.

«Балким Сиз маркум Айтматовдун чыгармаларын окубаган чыгарсыз, жакшы көрбөсөңүз керек, - деп улантат катын Аскар Айтматов. – Бул Сиздин жеке ишиңиз. Бирок Сиз ага арналган иш-чараларды өткөрүүгө жолтоо болууга эч кандай акыңыз жок. Айтматов түрк дүйнөсүнүн жалпы мурасы болуп саналат. Сиздин жоругуңуз Түркиянын элчисинин кызматына татыксыз».

Өз кайрылуусунда мурдагы тышкы иштер министри эч качан ФЕТӨ уюмунун мүчөсү болбогонун, анын пайдасына эч кандай билдирүү жасабаганын белгилейт. Тескерисинче, 2016-жылдын 15-июлунда Түркияда мамлекеттик төңкөрүш катары бааланган окуялар болгондо түрк сыналгысынан «түрк эли баатырдык каршылык көрсөтүп, чечүүчү учурда демократиянын жана өз ата журтунун тагдырын өз колуна алганын» айтканын эске салган.

«Же балким менин кызым «Сапат» системасында окуганы үчүн мени ФЕТӨнүн мүчөсү деп жарыялап жаткандырсыз? - деп суроо салат Айтматов. – Андай болсо Сиз бул мектептерде окуган 15 миңдей балдарды да, алардын ата-энесин да ФЕТӨнүн мүчөсү деп эсептеген болосуз. Анда Сиз «Сапат» мектептеринин ишинин улантылышына салым кошкон Кыргыз Республикасынын президентин да, парламенттин төрагасын да, премьер-министрди да, билим берүү министрин жана башка кызмат адамдарын да ФЕТӨнүн мүчөсү катары карап жаткан болосуз».

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Элчиге кайрылуусунда каттын ээси аны менен биринчи жолугушуусунда «Сапат» мектептерине байланышкан маселе тууралуу өз ой-пикирлерин ортого салганын, Түркия сурангандай аларды жабуу Кыргызстан үчүн өтө кыйын чечим болорун билдиргенин эскерген. Аскар Айтматовдун пикиринде, бул мектептерде кыргыз элитасынын балдарынын 90% билим алат, ошондуктан аларга олуттуу альтернатива жок.

«Сиз болсо мен достук иретинде айткан пикиримди мага каршы пайдаландыңыз, - деп жазат Аскар Айтматов катынын аягында. - Мен Сизден ушул катты алганыңыздан 10 күн ичинде кат жүзүндө кечирим сурашыңызды талап кылам. Болбосо Сиздин кастык ишмердигиңизди токтотуш үчүн бардык мыйзамдуу аракеттерди көрүүгө аргасыз болом. Андан эч шек санабаңыз».

Түрк элчилигинин бул катка жообу көп күттүргөн жок. Элчилик тараткан билдирүүдө Айтматовдун элчи Женгиз Камил Фыратка кайрылуусу «өтө эле маанисиз жана деңгээли жок кат» деп бааланат. Элчилик өз жообунда ФЕТӨ уюмун террордук деп мүнөздөй турганын дагы бир жолу баса белгилеген.

ФЕТӨ менен кызматташып, экинчи жагынан Түркия менен кызматташуу мүмкүн эмес.

«Түркия Республикасынын бардык жетекчилери, Түркия эли, ошондой эле элчилик бир канча жолу белгилегендей ФЕТӨ түзүмү террордук уюм, кылмыштуу желе жана культ түрүндөгү түзүм болуп эсептелет, - деп айтылат элчиликтин катында. - ФЕТӨ менен кызматташып, экинчи жагынан Түркия менен кызматташуу мүмкүн эмес. Эки жолдун бири тандалышы керек. Аскар Айтматов өз жолун так тандап, өзү «биздин балдар» деп атаган «фетөчүлөр» менен кызматташтыгын жана аларга болгон колдоосун улантарын мурда эле бизге билдирген. Ошондуктан ал адамдын Түркияны колдонуп пайда табышына чекит коюлган».

Андан ары элчилик өз билдирүүсүндө «Себат/Сапат мектептери ФЕТӨ тарабынан түзүлгөн, алар ээлик жана жетекчилик кылган жеке менчик жана акы төлөнүүчү мекеме» деп эсептей турганын маалымдайт.

Женгиз Фырат.
Женгиз Фырат.

«Балдарын бул мектептерге жиберген кишилер билиши керек болгон нерсе - мектеп төлөмдөрүнүн бир бөлүгү ФЕТӨ террордук уюмуна финансылык булак катары колдонулууда, - деп билдирген элчилик. - Бул жагынан алып караганда маселе сырттан көрүнгөндөй же болбосо Аскар Айтматовдун катында жазылгандай жөнөкөй эмес. Ошондуктан Түркия Республикасы альтернатива катары кыргыз элине Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин текшерүүсү жана көзөмөлү астында иштей турган, эл аралык бакалавр даражасын берген, кыргызча, орусча, түркчө жана англисче билим берип, заманбап жабдыктарга ээ «Маариф» мектептерин салууну сунуш кылып жатат».

Өз жообунда түрк элчилиги Чыңгыз Айтматовдун элесине арнап эң көп иш-чара өткөргөн мамлекет Кыргызстандан кийин эле Түркия экенин эске салат. Дипломатиялык мекеме Чыңгыз Айтматовдун элесине арналган иштерди санап келип, бирок Аскар Айтматов алардан кабары жок деген жыйынтыкка келген. Мындан тышкары, элчиликтин билдирүүсүндө Түркия Кыргызстанда жүргүзүп жаткан иштер, Анкаранын Бишкекке берип жаткан жардамы саналып өткөн.

Белгилей кетсек, бул Фетхуллах Гүлендин уюму катары айтылып жүргөн ФЕТӨ маселеси кыргыз-түрк маселелерин татаалдаштырган биринчи учур эмес. 2016-жылдын 15-июлунда Түркияда мамлекеттик төңкөрүш аракети катары баааланган окуялардан кийин расмий Анкара бул уюмга тиешелүү экени айтылып жүргөн «Сапат» (мурдагы «Себат») билим берүү мекемелерин жабууну талап кылган. Кыргыз тарап өз кезегинде анын уюштуруучуларынын катарына Билим берүү министрлигин киргизип, окуу программасы мамлекеттин көзөмөлүндө экенин жарыялаган. Түркиянын аталган мектептерди жабуу жөнүндө талабынан Алмазбек Атамбаев бийликте турган кезинде кескин түрдө баш тартса, азыркы президент Сооронбай Жээнбеков түрк президенти менен жолукканда бул тууралуу кайрылууга ачык жооп кайтарган эмес.

Быйыл 12-майда Интернетке Женгиз Камил Фырат Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгына нааразы болгон видео тараган. Ал мурдагы «Себат», азыркы «Сапат» билим берүү мекемесин бир нече жыл башкарган Орхан Инанды менен чогуу ооз ачарга чакырганы үчүн муфтий Максатбек Токтомушев баш болгон кишилерге, «же Түркияны, же террорчу уюмду тандайсыңар» деп нааразы болуп, ресторандан кетип калган. Дипломат Түркия Кыргызстанга 35 миллион долларга мечит салып бергенин да эске салган.

Кошмо Штаттарда жашаган Фетхуллах Гүленди расмий Анкара 2016-жылдагы «аскердик төңкөрүш аракетинин артында турган» деп айыптап келет. Гүлен өзү мындай дооматтарды четке каккан. Түрк бийлиги анын кыймылын ФЕТӨ деп атап, президент Режеп Тайып Эрдоган уюмду террористтик деп таанууга чакырган.

Аскар Айтматовдун дипломатиялык карьерасы Кыргызстан жаңыдан эгемендик алган жылдары өргө тартып, 2002-2005-жылдары Кыргызстандын тышкы иштер министри болуп иштеген. 2005-жылдан тартып Евразия демилгелеринин эл аралык фондунун директору. Министрлик кызматтан кеткенден бери расмий дипломатиялык кызматтарды аркалаган эмес.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG