Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шаршемби, 27-май, 2020 Бишкек убактысы 01:59

"Эргенеконду" эске салган ФЕТӨ иши


"Манас Ата" лицейи да "Сапат" мекемесине таандык. Талас, Кыргызстан.

Түркиядагы саясий кермек даамдуу сот жүрүмдөрү тууралуу ой.

“Көзкамандар” тууралуу эскертүү

Жакында Кыргызстанда иш сапарында болгон Түркиянын парламентинин башчысы Бинали Йылдырым менен Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин төрагасы Дастан Жумабековдун жолугушуусунда Бинали Йылдырым мырза АКШда башпааанек тапкан түрк диниятчысы Фетхулла Гүлен жетектеген уюм (“ФЕТӨ”) Кыргызстан менен Түркиянын ортосуна “көлөкө түшүрүп жатат” деп эскертти:

Бинали Йылдырым. 6-декабрь, 2018-жыл.
Бинали Йылдырым. 6-декабрь, 2018-жыл.

Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы байланышка көлөкө түшүргөн бир маселе бар. Ал Түркиядагы төңкөрүш аракетин жасаган ФЕТО террордук уюму. Бул маселе боюнча Чыңгыз Айтматовдун тилинде бир мисал келтире кетейин. Айтматовдун: “Алар силер сыяктуу кийинет, силер сыяктуу сүйлөйт. Бирок өзүнүн мамлекетине чыккынчылык кылат. Өз элинин душмандарына кошулуп, өз улутуна каршы иштейт” деп жазганы бар. Бул каарманды "Манас" эпосунда Көзкаман деген аталыш менен да жолуктурууга болот. Бирок Көзкаман менен маңкуртту чаташтырбаш керек. Маңкурт - бул акылынан айныган, эмне кылганын билбеген бир байкуш. Көзкаман болсо бардыгын билип туруп иш кылган чыккынчы. "Гүленчилер" дал ушул Көзкаман сыяктуу... – деди Йылдырым мырза.

Кыргыз тарап бул доого кескин жооп бербей, бул жолу да сабырдуулук кылды.

Четтен караган секулярчылардын баамында, диниятчы Фетхулла Гүлен менен азыркы тапта Түркияны бийлеп жаткан президент Режеп Тайып Эрдогандын жана анын Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын өкүлдөрүнүн олуттуу деле айырмачылыгы жок. Алардын ички күрөшү бийлик үчүн болушу ыктымал, бирок ошондо деле алар сунний мусулмандардын ханафий мазхабынын өкүлдөрү. Учурунда алардын биригип чыгышынын айынан өлкөдөгү либералдык демократияны жана Батыштын коомдук өнүгүү өрнөктөрүн колдогон партиялар шайлоолордо жеңилип калган.

Эми болсо Эрдоган мырза бардык ФЕТӨчүлөрдү "мамлекеттик бийликти ойрондотчу кутум далалатынын уюштуруучулары" деп айыптап, бул кутумга эч тиешеси жок далай жарандарды деле сот жазасына тарттырууда. Андан тышкары бир кезде ФЕТӨчүлөрдүкү экени айтылган уюмдар (арасында “себатчылар”) негиздеген билим берүү мекемелерин Түркияда гана эмес, жер жүзүндө кысымга ала баштады.

Мисалы, жакында авторитардык режим үстөмдүк кылган Венесуэлада ушундай билим берүү жайлары Түркиянын өкмөтү көзөмөлдөгөн “Маариф” фондуна өткөрүлүп берилди.

Бир кезде Кыргызстан демократиялык илгерилөө жаатында Түркиядан ат чабым артта болсо, эми алар орун алмашкансыды. Кыргызстандын бийлиги аталышы “Сапат” болуп өзгөрүлгөн мурдагы “Себат” билим берүү мекемеси толук реформаланганын, бул мекеме Кыргызстандын агартуу долбооруна 100 пайыз айланганын тастыктап келет. Ошол себептүү “Сапатта” эмгектенип жаткандар – Кыргызстандын бийлиги үчүн эч кандай террорчулар эмес, кадыр-барктуу мугалимдер жана агартуу кызматкерлери.

Бул саясий турумду Кыргызстан жеткиликтүү эле билдирген.

“Эргенекондун” сабагы

Ушул жерде Түркиядагы башка бир чуулгандуу окуя эске түшпөй койбойт. Ал – айтылуу “Эргенекон” сот жүрүмү. Мындан 11 жыл илгерки расмий доого караганда, секулярчы кутумчулар АК партиясынын өкүлү президент болгон мамлекеттик бийликке каршы аскердик кутум долбоорун жүзөгө ашырууну көздөгөн имиш.

(“Эргенекон”, монголчо “Эргүнэ Хун”, б.а. “жалама бет аскалуу кырка тоо” дегенди туюнтат. Ушул уламыштык жерде байыркы көчмөн монголдордун бабалары калкты кырып келген жоодон жашырынып калганы тууралуу перс тарыхчысы Рашид ад-Дин (1247—1318) жазган. Түркиянын адабиятында бул уламыштык жерди көөнө түрктөргө байланыштырышат).

Бул “Эргенекон” сот жүрүмүнүн соңку өнүгүшү тууралуу быйыл бештин айынын (декабрдын) 1инде Түркиянын “Анадолу” кабар агенттиги маалымдап, деги эле 2007-жылы жашыруун “Эргенекон” уюму түзүлгөндүгү тууралуу айыптоонун өзү тиешелүү далилдерге негизделбегенин прокурор мойнуна алганын белгиледи.

Демек, бир кездери, 1930-жылдары, Кыргызстандагы сталинчи бийлик жок жерден “Социал-Туран партиясын” жазыксыз жазалоо үчүн ойлоп тапкандай, “Эргенекон аттуу куралданган террорчулар уюму” деген уюм да ойдон табылган болуп чыкты.

2007-жылы алгач сөз болуп, андан соң кыйла ардагер же аракеттеги аскер кызматкерлери, журналисттер, илимпоздор жана башкалар чуулгандуу сот жүрүмүндө жооп берүүгө аргасыз болушкан. Эми 199 кишиге карата айыпты таптакыр алынып салуу жөнүндө сунуш түштү. Ал эми 28 шектүүгө карата жазалар “Эргенеконго” байланышпаган кылмыштар үчүн калтырылууда. Маселен, төрт киши 2006-жылы бир сотту өлтүргөндүгү, башка дагы төрт сотту жарадар кылгандыгы үчүн өмүр бою абакка кесилген.

ФЕТӨ уюму болсо "2016-жылдын теке (июль) айынын 15индеги аскердик төңкөрүш далаалатын уюштурган" деп расмий Анкара тарабынан айыпталып келет. Фетхулла Гүлен бул доолорду четке кагууда.

Саясий соттун келечеги бүдөмүк

Дегиңкиси, авторитардык (өкүмзор) жана жарым авторитардык режимдерде саясий мүнөздөгү сот жүрүмдөрү көбүнесе адилетсиз жүзөгө ашырылаарын кыргызстандыктар жакынкы тарыхтан улам жакшы билишет.

А.Акаев менен К.Бакиевдин тушундагы Замира Сыдыковага, Топчубек Тургуналиевге, Феликс Куловго, Исмаил Исаковго ж.б. каршы сот жүрүмдөрү гана эмес, А.Атамбаевдин тушундагы саясий негизде камалгандар, кийинки учурдагы “Вечерний Бишкек” басылмасынын менчик талашы сыяктуу маселелер боюнча сот жүрүмдөрү жана улам жаңы кырдаалда өзгөргөн прокурордук турумдар деле буга далил.

Түркияда деле азыркы президент келечекте өз мөөнөтү аяктап, мыйзам ченемдүү бийликтен кетип, шайлоо аркылуу анын өзүнүн таламдашы келсе деле учурдагы кыйла адилетсиз саясий куугунтукка чек коюлушу ажеп эместир.

Себеби болочок президент азыркы мамлекет башчы Режеп Тайып Эрдогандын кадыр-баркы үчүн эмес, элге жаккыдай президент катары өз алдынча жолун таап, жеке өзүнө кадыр-барк алышы үчүн мээнет кылаары бышык. Дүйнө жүзүнүн өлкөлөрүнүн бардыгында тең эле Путин-Медведев тандеми кайталанат деп айтыш кыйын (бул "тандемде" ким ар дайым күнкор болгону айтпасак да маалым).

Дал ушул өңүттөн алганда, расмий Бишкек “Сапат” билим берүү мекемесинин тагдырын чечкенде расмий Анкарага эч кылчактабастан, өз алдынча турумда болуп жаткандыгы канааттандырат десек болот. Жөжө жумуртканы жарганда эмес, күздө саналат ко...

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (33)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG