Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:02

Түркияда өзгөчө абал тартиби жоюлду


Абакта ачкачылык кармагандарды колдогон акция, Анкара шаары, 22-май 2017-жыл.
Абакта ачкачылык кармагандарды колдогон акция, Анкара шаары, 22-май 2017-жыл.

Түркияда эки жыл мурдагы төңкөрүш аракетинен кийин киргизилген өзгөчө абал тартиби соңуна чыкты. Аны утурлай бийлик жаңы коопсуздук чараларын сунуштады. Оппозиция ал чараларды аскердик төңкөрүш дооруна кайтып баруу аракети катары мүнөздөдү.

Түркиядагы өзгөчө абал тартиби үч ай сайын баш-аягы жети жолу узартылып отуруп, акыры 19-июлга караган түнү соңуна чыкты. Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган июнь айындагы шайлоо өнөктүгү маалында убада кылгандай, бийлик анын мөөнөтүн бул жолу узарткан жок.

Түркияда мындай режим 2016-жылдын 15-июлундагы 250дөй адамдын өмүрүн алган төңкөрүш аракетинен беш күн өткөндөн кийин киргизилген. Чукул кырдаал маалында, Баш мыйзамга ылайык, министрлер кеңеши түздөн-түз президентке баш ийип, декрет түрүндөгү чечимдер кабыл алынып турду.

Бул мөөнөт ичинде кеминде 70 миң киши камалып, мындан эки эсе көп адам мамлекеттик кызматтан айдалды. Түрк бийлиги төңкөрүш аракетинин артында АКШда жашаган диниятчы Фетхулла Гүлендин кыймылы тураарын, жазалангандардын көбү ал топко тиешеси бар экенин билдирип келет. Гүлен жана анын тарапкерлери Анкаранын айыптоолорун четке кагып келет.

Президент Режеп Тайып Эрдоган төңкөрүш аракетинин эки жылдыгына арналган иш-чарада, Стамбул, 15-июль 2017-жыл.
Президент Режеп Тайып Эрдоган төңкөрүш аракетинин эки жылдыгына арналган иш-чарада, Стамбул, 15-июль 2017-жыл.

Быйыл март айында Бириккен Улуттар Уюму Түркияны өзгөчө кырдаал режимин токтотууга чакырып, мындай абал укук бузууларга жол ачып жатканын билдирген.

Эми эки жылдан кийин мындай тартип жоюлса да "тазалоо операциялары" улана берерин бул апта башында Түркиянын юстиция министри Абдулхамит Гүл ишара кылды.

- Өзгөчө кырдаал режими токтойт. Бирок террорго каршы күрөш, Түркияны бутага алган "ФЕТО" баш болгон бардык топторго каршы күрөш чечкиндүү түрдө аягына чейин уланат. Мындан эч ким күмөн санабасын,-деди министр.

Жаңы коопсуздук чаралары сунушталууда

Өзгөчө абал тартиби жоюлар алдында президенттин Адилет жана өнүгүү партиясы жаңы коопсуздук чараларын камтыган мыйзам долбоорун парламентке сунуштады. Долбоорго ылайык, аймак башчылары коопсуздук маселесин жүйө кармап, элдин кайсы бир жайларга кирип-чыгуусуна өз алдынча тыюу салып коё алат. Ачык асман алдындагы иш-чаралар, атайын уруксаты гана болбосо, күүгүм киргенде аякташы керек болот.

Өзгөчө абал учурундагыдай шектүү топторго байланышы бар мамлекеттик кызматкерлерди иштен алуу алдыдагы үч жылда улана берет. Кармалган адам бир нече кылмышка шектелип жатса, ага айып тагуу мөөнөтү мурдагыдай 48 саат эмес, төрт күнгө узарат. Мындай сунуштар 19-июлда комитеттин деңгээлинде талкууланып, кийинки аптада добушка коюлганы жатат.

​Мустафа Кемал Ататүрк негиздеген, оппозициядагы Элдик республикалык партиянын өкүлдөрү мындай чаралар менен бийлик өзгөчө абал режимин жаңысы менен алмаштырып жатат деп сындап чыгышты.

Партиянын төрагасы Кемал Кылычдароглу Түркияда азыркы абалды 1980-жылдын 12-сентябрында аскердик бийликтин орношун шарттаган төңкөрүштөн кийинки кырдаалга салыштырды:

Оппозициячыл саясатчы Кемал Кылычдароглу.
Оппозициячыл саясатчы Кемал Кылычдароглу.

- Учурда төңкөрүш процесси уланып жатат. Азыр өзгөчө кырдаал режимин туруктуу орнотуу үчүн парламентке бир мыйзам алып келишүүдө. Мындай абал 1970-1980-жылдары да болгон. Ал учурдагы төңкөрүш доорунда мунун баарын баштан өткөргөнбүз. Дал ошондой кылып жатышат. Биз демократия жолуна чыкканыбызда Түркиянын укук системасы төңкөрүштүн мыйзамдарынан тазаланышы керек дегенбиз. Антпесе, чыныгы демократия орнобойт деп айтканбыз. Бирок тазаламанмак биякта турсун, 12-сентябрь төңкөрүшүнүн мыйзамдары бекемделип жатат.

Өзгөчө кырдаал режими өкүм сүрүп турган чакта Түркияда конституциялык референдум, президенттик жана парламенттик шайлоолор өттү. 2017-жылдагы референдумда шайлоочулардын 51 пайызы президенттин ыйгарым укуктарын кеңейтүүнү жана Түркиянын парламенттик республикадан президенттик башкарууга өтүүсүн колдоду деп жарыяланды.

Өткөн айдагы шайлоолордон кийин бул өзгөртүүлөр күчүнө кирип, президент Эрдоган эки тизгин бир чылбырды колго алды. Түрк лидери мындай жаңы система туруктуулукка жана өнүгүүгө жол ачаарын белгилесе, оппозиция Түркия бир кишинин чеңгелинде калганын айтып жатышат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG