Линктер

ишемби, 21-июль, 2018 Бишкек убактысы 04:16

Президент Режеп Тайип Эрдоган коргонуусу күчтүү жана экономикасы өнүккөн "кубаттуу Түркияны" курууга убада берди.

Бул тууралуу ал кечээ президенттик кызматка киришкен ант берүү аземинде сүйлөп жатып билдирди.

9-июлда бир жыл мурда референдум аркылуу Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөр да күчүнө кирди. Ага ылайык, премьер-министрлик кызмат жоюлуп, Эрдоган аткаруу бийлигин да өз колуна алып, жаңы өкмөттүн курамын жарыялады.

Режеп Тайип Эрдоган 9-июлда Анкарадагы инаугурацияда Түркияга “жаңы доордогу жаңы өнүгүүнү” алып келүүгө убада берди. Ал адамдын негизги укуктары жана эркиндиктери корголорун да айтты.

- Биз Түркияны бардык тармакта бекемдейбиз, анын ичинде коргонуу жана чек ара коопсуздугу боюнча да. Макроэкономикалык көрсөткүчтөр бизди дүйнөдөгү экономикасы чоң он өлкөнүн катарына кошмоюнча, бардык тармакка ири инвестицияларды салабыз.

Эрдоган ант берүү учурунда.
Эрдоган ант берүү учурунда.

9-июлда бир жыл мурда референдум аркылуу Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөр да күчүнө кирип, өлкө парламенттик башкаруудан президенттик системага өттү. Ага ылайык, премьер-министрлик кызмат жоюлуп, аткаруу бийлигин президент – Эрдоган колуна алды.

Премьер-министрлик кызмат 95 жыл мурда, "түрк атасы" аталган Мустафа Кемалдын жетекчилиги менен Түркия 1923-жылы республика болуп түзүлгөндө киргизилген.

Жаңы өзгөртүүлөр Эрдоганга кеңири ыйгарым укуктарды берсе, сот жана мыйзам чыгаруу бийлигинин укуктары мурдагыдан кыскарды. Аткаруу бийлигин колуна алган Эрдоган ушул эле күнү жаңы өкмөт курамын жарыялады.

- Мен министрликтердин жаңы курамы натыйжалуу жана ыкчам аракеттенүүгө мүмкүнчүлүк берет деп эсептейм. Эми мен жаңы президенттик системанын алкагында түзүлгөн биринчи министрлер кабинети менен тааныштырсам.

16 министрдин катарында Эрдоган күйөө баласы, 40 жаштагы Берат Албайракты финансы жана казына министрлигине бекитти. Армиянын штабынын башчысы болуп келген Хулуси Акар коргоо министри болду, ал эми тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу кызматында калды.

Мевлүт Чавушоглы.
Мевлүт Чавушоглы.

​Эрдогандын инаугурациясына 50 өлкөнүн лидерлери - президенттер, өкмөт башчылар, спикерлер катышты.

Алардын арасында Венесуэланын, Молдованын, Грузиянын, Кыргызстандын президенттери, Орусиянын, Казакстандын өкмөт башчылары, Араб жана Африка мамлекеттеринин лидерлери болду.

Ант берүү аземи. Анкара, 9-июль, 2018-жыл
Ант берүү аземи. Анкара, 9-июль, 2018-жыл

Президент Режеп Тайып Эрдоган Түркияны 2003-жылдан бери премьер-министр, ал эми 2014-жылдан соң президент катары башкарып келе жатат.

9-июлда анын кызматка кириши менен Түркияда өзгөчө абал тартиби да жоюлду. Өзгөчө абал шарты 2016-жылдын июль айындагы аскердик төңкөрүш аракетинен кийин киргизилген.

Бийлик "артында диниятчы Фетхуллах Гүлен турат" деген окуядан кийин өлкөдө куугунтук күч алып, миңдеген адам камалган. Гүлен Анкаранын айыптоолорун бир канча ирет четке каккан. Укук коргоочулар Түркияда адам укуктары одоно бузулуп жатканын эскертип келет.

Түркиянын Баш мыйзамына мыйзамына ылайык, президент эки мөөнөткө шайлана алат. Демек референдумдан кийин кайрадан президент болгон 64 жаштагы Режеп Тайип Эрдоган 2028-жылга чейин бийликте калышы мүмкүн.

Эрдоган президенттик кызматка киришкен күнү түрк лирасынын баасында термелүү болду. Эрдоган жаңы өкмөттүн курамын, анын ичинде бир тууган күйөө баласы Бират Албайрак өлкөнүн казыначысы жана финансы министри болорун жарыялагандан кийин улуттук валютанын курсу болжол менен дагы 3% арзандап, бир доллар 4.75 лирага чейин чыккан.

Ал эми андан мурда жума күнү бир доллар 4.57 лирага бааланса, Reuters агенттиги кабарлагандай, бүгүн эртең менен АКШ долларынын курсу 4,66 лиранын тегерегинде турукташты.

Быйыл жыл башынан тарта эсептегенде Түркиянын улуттук акчасы 20% наркын жоготту. Талдоочулардын баамында, жаңы өкмөт курамы жарыялангандан кийин лиранын курсунун төмөндөшүнө "Президент Режеп Тайып Эрдоган эми монетардык саясатка көзөмөлдү күчөтөбү?" деген инвесторлордун кабатырлыгы себеп болушу ыктымал.

Түркияда мөөнөтүнөн мурдагы президенттик жана парламенттик шайлоо 24-июнда өткөн. Жогорку шайлоо кеңеши 4-июлда шайлоодо Эрдоган 52,59% добуш менен жеңишке жеткенин расмий жарыялаган.

Шайлоодо 31 пайыз добуш алган Республикалык-элдик партиянын төрагасы Мухаррем Инже Эрдогандын жеңишин тааныганы менен, “Түркия бир адамдын башкаруусуна өттү” деп сындаган. Ал эми Эрдогандын “Адилеттик жана өнүгүү” партиясы 295 мандат алып, 600 орундуу парламентте көпчүлүккө ээ боло алган жок. Бирок алардын өнөктөшү Улуттук кыймыл партиясына 49 мандат тийгендиктен, Эрдогандын партиясы парламентти да көзөмөлдөп калмакчы.

Ал эми Инженин партиясына 23%, күртчүл Элдик-демократиялык партияга 11% добуш тийди.

Түркиядагы шайлоого көз салган Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун байкоочулар тобунун жетекчиси Игнасио Санчес Амор шайлоо өнөктүгүндө оппозициялык партияларга бирдей шарт түзүлбөй, Эрдоган менен анын башкаруучу партиясы бардык тараптан, анын ичинде маалымат каражаттарында артыкчылыкка ээ болгонун билдирген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG