Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:35

Түркия: Шайлоодо Эрдоган утту


Режеп Тайып Эрдоган.
Режеп Тайып Эрдоган.

Түркияда президент Режеп Тайып Эрдоган кош шайлоодо жеңгенин жарыялады.

Эрдоган 24-июндагы мөөнөтсүз президенттик жана парламенттик шайлоонун бейрасмий жыйынтыгын “чоң жоопкерчилик” деп атады. Ал эми шайлоого элдин жигердүү катышуусун "Түркия дүйнөгө демократиянын сабагын көрсөттү" деп баалады. Оппозиция болсо шайлоонун мамлекеттик медиа тараткан жыйынтыгынан шек саноодо.

Түркиянын президенти 24-июндагы мөөнөтсүз президенттик жана парламенттик шайлоонун добуштарынын 90% ашууну саналып калгандан кийин Стамбулда эл алдына чыгып, буларды айтты:

- Шайлоонун бейрасмий жыйынтыктары аныкталды. Ага ылайык, эл бизге президенттик жана аткаруу бийлигин ишке ашырууну тапшырды. Элдик альянска жана АК партияга парламенттеги көпчүлүктү, ага катар мыйзам чыгаруу бийлигин берүү менен эл бизге чоң жоопкерчиликти жүктөдү. Азыртадан баштап президент жана парламент үчүн көп иш жасай турган учур келди. Элибизден алган колдоого таянуу менен террордук уюмдар аркылуу өлкөбүздүн ичинен жана тышынан коркуткандарга каршы чечкиндүү жооп берүүнү уланта беребиз. Шайлоо жыйынтыгына көлөкө түшүрүүгө эч ким аракеттенбейт, утулганын жашыруу үчүн демократияга эч ким шек келтирбейт деп үмүттөнөм.

АК партиянын тарапкерлери. Стамбул, 24-июнь, 2018-жыл.
АК партиянын тарапкерлери. Стамбул, 24-июнь, 2018-жыл.

Түнгө маал Эрдоган Стамбулда жыйналган миңдеген жактоочуларынын алдында да сөз сүйлөдү. Ал эми Эрдогандын жана АК партиянын тарапкерлери шайлоо жыйынтыгын ыр-бий менен белгилешти.

Түркиянын мамлекеттик медиасы кабарлагандай, Режеп Тайып Эрдоганды “шайлоодогу ийгилиги” менен биричилерден болуп Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Катардын эмири Шейх Тамим бин Хамад бин Халифа Ал-Тани, Пакистандын президенти Мамнун Хусейин, Азербайжандын президенти Ильхам Алиев, Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан куттукташты.

“Анадолу” агенттиги жана ТРТ телеканалы берген маалыматтарга караганда, добуштардын 98% ашууну саналгандан кийинки эсеп боюнча президент Режеп Тайып Эрдоган 52,51% менен алдыга чыкты. Анын башкы атаандашы, оппозициядагы Республикалык-элдик партиянын талапкери Мухаррем Инже 30,74% менен экинчи, абактагы саясатчы, Элдик-демократиялык партиянын лидери Селахаттин Демирташ 8,3% добуш менен үчүнчү, “Жакшы” партиянын лидери Мерал Акшенер 7,37% добуш менен төртүнчү орунда. Ал эми парламенттик шайлоодогу добуштардын 98% ашууну саналгандан кийинки эсеп боюнча Эрдогандын “Адилеттүүлүк жана өнүгүү” партиясы менен улутчул Улуттук кыймыл партиясы түзгөн “Элдик альянс” 53,61% менен алдыда келатат.

АК партиянын тарапкерлери. Стамбул, 24-июнь, 2018-жыл.
АК партиянын тарапкерлери. Стамбул, 24-июнь, 2018-жыл.

Экинчи орунда 34,15% менен оппозициячыл партиялардын “Улуттук альянсы” келатат, үчүнчү орунда 11,53% добуш менен күрттөрдүн таламын талашкан Элдик-демократиялык партия турат. 11% ашуун добуш күрттөрдүн кызыкчылыгын коргогон партия да парламентке өттү дегенди билдирет. Бул окуяны өлкө чыгышында күрттөр көп жашаган Диярбакыр шаарында анын миңдеген тургундары да көчөгө чыгып майрамдашты.

"Бул улуу сезим. Биз бул жеңишке куугунтукка, басым-кысымга, медиа көңүл бурбаганына карабай жетиштик. Биз абдан кубанычтабыз, намыстуу каршылык көргөзүп жаткан биздин элге ырахмат",-деди Элдик -демократиялык партиянын жактоочуларынын бири Сейхмуз Асан.

Бул партиянын лидери Салахиттин Демирташ күрт согушкерлерине байланышы бар деген айып менен 2016-жылдын ноябрынан бери камакта. Андыктан ал президенттикке талапкер катары үгүт өнөктүгүн түрмөдө отуруп жүргүздү.

Добуштарды саноо башталган учур. Стамбул, 24-июнь, 2018-жыл.
Добуштарды саноо башталган учур. Стамбул, 24-июнь, 2018-жыл.

Ал эми бөлүп караганда Эрдогандын АК партиясы өз алдынча добуштардын 42,4% алды. Мунун менен аларга 600 орундуу парламенттен 293 орун тиет. Башкача айтканда ал парламентте жалгыз бийлик жүргүзө албайт.

Түркиянын парламенттен өз алдынча эсептегенде 22,7% добуш менен 146 мандат алган башкы оппозициялык - Республикалык-элдик партиясынын айрым өкүлдөрү өткөн түнү президенттик шайлоонун биринчи айлампа менен эле аякташына шек саноосун жашырышкан жок. Алар мамлекеттик медиа шайлоонун баштапкы жыйынтыгын болушунча бурмалаганына токтолушту.

Түркияда 180 миңдей шайлоо бекети 24-июнда жергиликтүү убакыт боюнча саат сегизден тарта ачылган жана кечки саат беште жабылды.

24-июндагы добуш берүүгө Түркиядагы шайлоого укуктуулардын 87% ашууну катышканы кабарланды. Эрдогандын планы боюнча 24-июндагы мөөнөтсүз шайлоодон кийин Конституцияга былтыр апрелдеги талаштуу референдумда жактырылган өзгөртүүлөр күчүнө кирет. Ага ылайык, эми Түркияда 1923-жылы республика түзүлгөндө пайда болгон саясий институт - премьер-министрдин кызматы жоюлуп, аткаруу бийлиги да президенттин колуна өтөт.

Мындан улам Эрдогандын башкы оппоненттери 24-июндагы шайлоодо “бир адамды көзөмөлдөп, чектеген эч бир институт болбой турганын, 81 миллион кишинин тагдыры бир адамдын ырайымында каларын” эскертип, “жалгыз кишинин бийлигин токтотууну” убада кылышкан эле.

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG