Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:09

Эрдоган жети мечитти жабуу чечимин сындады


Венадагы мечиттердин бири.
Венадагы мечиттердин бири.

Түркия Австриянын айрым мечиттерди жаап, имамдарды өлкөдөн чыгаруу чечимин сындап чыкты. Австриянын өзүндөгү мусулмандардын уюму өкмөттүн соңку чечими боюнча сотко кайрылганы жатат.

Түрк президенти Режеп Тайип Эрдоган жекшембинин кечинде Стамбулда Кадыр түнгө карата уюштурулган иш-чарада Австриянын өкмөтүн кескин сынга алды. Ал расмий Венанын жети мечитти жаап, Түркиядан каржыланды делген имамдарды өлкөдөн чыгаруу чечимин "Европадагы исламга карата кастыктын жана расизмдин көзгө көрүнгөн гана жүзү" деп мүнөздөдү.

24-июндагы президенттик жана парламенттик шайлоого камынып жаткан Эрдоган бул сыяктуу аракеттер диний карама-каршылыкка жол ачышы мүмкүн экенин эскертти. Ошондой эле бул чечимди кабыл алган Австриянын 32 жаштагы канцлери Себастьян Курцту "тажрыйбасыз жетекчи" деп атап, европалык башка лидерлерди аны эпке келтирүүгө үндөдү:

Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган.
Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган.

- Бул кишиңерди эсине келтиргиле, өзүн кармабаса, окуялар башка багытка бурулат. Себеби биздин да өзүбүзгө жараша жүйөлөрүбүз, таштай турган кадамдарыбыз бар. Биздин 250 миңден ашуун бир туугандарыбыздын куугунтукталышына эч качан жол бербейбиз. Эмне керек болсо, биз да ошону кылабыз.

8,8 миллиондой калкы бар Австрияда 600 миңдей мусулман жашайт. Германия сыяктуу эле Австриядагы мусулмандардын басымдуу бөлүгүн этностук түрктөр же түрк жарандары түзөт.

Австриянын жүйөсү

Австрия өкмөтү мечиттер жана имамдар тууралуу чечимин өткөн жума күнү - 8-июнда Венадагы басма сөз жыйынында жарыялаган. Анда канцлер Себастьян Курц "Австрияда жанаша коомдорго, саясий исламга жана радикалдык тенденцияларга орун жоктугун” айтып, жабыла турган мечиттер 2015-жылы кабыл алынган чет өлкөлүк каржылоо жөнүндө мыйзамды бузганын жүйө келтирген:

Австриянын канцлери Себастьян Курц.
Австриянын канцлери Себастьян Курц.

- Биз бүгүн Маданият министрлигинин жети мечитти жабуу чечимин жарыялагыбыз келет. Бул - "Бозкурт" мечити жана дагы алты мечитке ээлик кылган Арабдардын маданий коому жоюлат дегенди билдирет. Алдыда чет өлкөлүк каржылоо тууралуу мыйзамды бузган деген негиз менен бир нече имам өлкөдөн чыгарылат.

Курц Австриядагы жаңы мечиттердин курулушун тыштан каржылоого тыюу салган мыйзамды колдоп, өлкөдөн башпаанек алган качкындарга жөлөкпулду кыскартууну көздөгөн программасы менен былтыр шайлоодо жеңип, өкмөт башына келген.

Анын өкмөтү өлкөдөгү 260 имамдын алтымышынын тек-жайын текшерип жатканы, алардын 40ы түрк өкмөтүнө ыктаган Австриядагы түрк-ислам биримдиги (ATIB) уюмунун имамдары экени белгилүү болду.

Австриялык мусулмандардын коомчулугунун (IGGÖ) лидери Ибрагим Олгун өкмөттүн бул чечимин сотко берерин билдирди. Ал өз кайрылуусунда соңку чечимди радикалдуу кадам деп мүнөздөп, мындай аракеттер божомолдорго негизделбеши керектигин белгиледи. Анын уюму мечиттерди жабуу чечими жана анын себептери тууралуу алдын ала кабар берилбегенин сындап жатат.

Деген менен Австрия өкмөтүнүн соңку жүрүшүн өлкөдөгү айрым оппозициялык партиялар да колдоп чыгышты. Маселен борбордук-оңчул Социал-демократтар партиясы муну "өкмөттүн биринчи туура кадамы" деп атады.

Европадагы чектөөлөр

Европадагы 2015-жылдагы миграция кризиси жана бир катар шаарлардагы террорчул чабуулдар чөлкөмдө мигранттарга жана качкындарга каршы маанайды күчөтүп, айрым өлкөлөрдө мусулманчылыктын айрым жол-жоболорун сындаган ашкере-оңчул саясатчылардын бийликке келишине жана бир катар чектөөлөргө жол ачты.

Паранжы кийген аялдар Даниянын парламентинин алдында, 31-май 2018-жыл.
Паранжы кийген аялдар Даниянын парламентинин алдында, 31-май 2018-жыл.

Быйыл 31-майда Даниянын парламенти коомдук жайларда никаб жана бурка башкача айтканда, паранжы кийүүгө тыюу салган мыйзамды колдоду.

1-августтан тарта күчүнө кире турган жаңы мыйзамды бузгандар үч жолкуга чейин 160 доллардай айыпка жыгылат. Бирок төртүнчү жолу мыйзамды аткарбагандарга айыппул 10 эсе жогорулап, 1600 долларга жетет.

Франция Европада биринчи болуп 2011-жылдын апрель айында бетти толук жапкан кийимди кийүүгө чектөө киргизген. Андан бир канча ай өткөндөн кийин Бельгия адамдын ким экенин жашырган кийимдерди кийүүгө тыюу салган.

Андан бери Австрия, Швейцария, Испаниянын айрым аймактары жүздү жапкан кийимдерди кийип жүрүүгө толук же жарым-жартылай тыюу салган. 2016-жылдын аягында Нидерланддын парламентти да мындай чектөө киргизүүгө макулдугун билдирген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG