Линктер

шейшемби, 23-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 05:16

Дания көчөгө паранжы менен чыгууга тыюу салды


Паранжы кийген аялдар Даниянын парламентинин алдында, 31-май 2018-жыл.

Данияда коомдук жайларда никаб жана бурка башкача айтканда паранжы кийүүгө тыюу салынды. Мындай чечимди бул өлкөнүн парламенти бейшемби күнү кабыл алды. Натыйжада Дания паранжыга чектөө киргизген Батыш өлкөлөрүнүн катарын калыңдатты.

Дания парламенти бейшембидеги чечими менен коомдук жайларда адамдын жүзүн жапкан кийимдерди, анын ичинде паранжынын түрлөрү саналган никаб жана бурканы кийүүгө тыюу салды. Мындай чектөөнү 75 депутат колдоп, отузу ага каршы болду.

1-августтан тарта күчүнө кире турган жаңы мыйзамды бузгандар үч жолкуга чейин 160 доллардай айыпка жыгылат. Бирок төртүнчү жолу мыйзамды аткарбагандарга айыппул 10 эсе жогорулап, 1600 долларга жетет.

Мыйзам бардыгына - Даниянын жашоочуларына жана өлкөгө келген туристтерге да тиешелүү. Даниялык «The Local» гезитинин жазышынча, полиция жүзүн жаап жүргөндөрдүн кийимин зордоп чечтирбейт. Аларга үйүнө кетүүнү эскертет. Ал эми үйү алыс кыз-келиндер полиция бөлүмүнө жеткирилет. Ал жерден туугандары алып кетет.

- Бири-бирибизди коомдук жайда жолуктурганда жүздү жашырып жүрүү даниялыктардын коомунун баалуулуктарына туура келбейт же коомчулукту урматтоого жатпайт, - деди Даниянын юстиция министри Папе Поулсен.

Парламенттеги добуш берүүгө паранжы кийген аялдар да күбө болушту.
Парламенттеги добуш берүүгө паранжы кийген аялдар да күбө болушту.

Мыйзамда "мусулман аялдар" деген түшүнүк жок. Анда жаңы чектөө коомдук жайларда жүзүн жаап жүргөн бардык адамдарга тиешелүү деп айтылган. Ошол эле кезде өкмөт жаңы мыйзам хижаб жана башка диний кийимдерди кийүүгө тыюу салбай турганын маалымдады.

Данияда бул маселе боюнча талкуу Европадагы 2015-жылдагы миграция кризисинен кийин күчөгөн. Ал жылы иммиграцияга каршы саясатты алга сүрөгөн партия өлкөдөгү шайлоодо экинчи орунду ээлеген.

«Amnesty International» эл аралык уюму бул өлкөнүн соңку чечимин дискриминациялык аракет деп баалап, ал мусулман аялдардын укуктарына шек келтирерин билдирди.

- Бардык аялдар өздөрү каалагандай кийингидей, ошондой эле өзүнүн ким экенин жана ишенимин көрсөткөн кийимдерди кие алгыдай эркин болушу керек, - деп жазылат алардын билдирүүсүндө.

Европада паранжы тууралуу талкуулар миграциясы кризисинен жана ар кыл террорчул чабуулдардан кийин ого бетер күчөгөн.
Европада паранжы тууралуу талкуулар миграциясы кризисинен жана ар кыл террорчул чабуулдардан кийин ого бетер күчөгөн.

Франция Европада биринчи болуп 2011-жылдын апрель айында бетти толук жапкан кийимди кийүүгө чектөө киргизген. Андан бир канча ай өткөндөн кийин Бельгия да адамдын ким экенин жашырган кийимдерди кийүүгө тыюу салган.

Бул өлкөдө паранжы маселеси Адам укуктары боюнча европалык сотко чейин жеткен. Никаб кийгиси келген эки аялдын арызын 2017-жылы караган сот Бельгиянын чечимин колдогон.

2016-жылы немис канцлери Ангела Меркел да Германияда бетти толук жапкан паранжыга жарым-жартылай тыюу салууга чакырган:

- Биз параллель коомдорду каалабайбыз. Андайлар болсо токтотушубуз керек. Биздин мыйзамдар ар-намыс жөрөлгөлөрүнөн, уруулардын, үй-бүлөлөрдүн эрежелеринен жана шарияттан өйдө турат. Муну ачык айтуу керек.

Андан бери Австрия, Швейцария, Испания жана Канаданын айрым аймактары жүздү жапкан кийимдерди кийип жүрүүгө толук же жарым- жартылай тыюу салган. 2016-жылдын аягында Нидерланддын парламентти да мындай чектөө киргизүүгө макулдугун билдиргени менен бул маселе парламенттин жогорку палатасынын чечимин күтүп жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG