Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:21

Эрдоган Сараеводо митинг өткөрдү


Режеп Тайип Эрдоган жана Босниянын үч тараптуу президенттигинин мусулман мүчөсү Бакир Изетбегович. 20-май, 2018-жыл
Режеп Тайип Эрдоган жана Босниянын үч тараптуу президенттигинин мусулман мүчөсү Бакир Изетбегович. 20-май, 2018-жыл

Жекшембиде Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Босния-Герцеговинанын борбору Сараеводо митинг өткөрдү. Буга чейин бир катар европалык өлкөлөр андай иш-чараларга өз аймактарында уруксат бербей койгон.

Сараеводогу "Зетра" спорт стадионуна 10-15 миңдей киши, негизинен Европада, Балканда жашаган түрктөр чогулду. Алар Түркия жана Босния-Герцеговинанын желектерин желбиретип, Эрдоганды тосуп алышты.

Стадионго азыркы түрк мамлекетинин түптөөчүсү жана алгачкы президенти Мустафа Кемал Ататүрктүн чоң портрети бир күн мурда илинген.

Түркиядагы президенттик жана парламенттик шайлоо мурда белгиленген мөөнөтүнөн эрте, 24-июнда өтмөй болду. Андан кийин 2017-жылы апрелде болгон референдумда президенттин ыйгарым укуктарын кыйла кеңейткен конституциялык өзгөрүүлөр ишке кирет.

Режеп Тайип Эрдогандын митинги
Режеп Тайип Эрдогандын митинги

Эрдогандын сынчылары шайлоодо ал кайрадан жеңсе, бир адамдын бийлиги азыркыдан да күчөй турганынан чочулашат.

Президенттин ыйгарым укуктарын кеңейткен референдум алдында Евробиримдиктин бир катар өлкөлөрү өз аймактарында үгүт жыйындарын өткөрүүгө тыюу салган. Ушундан кийин Брюссел менен Анкаранын мамилеси солгундай түшкөн.

Европада добуш берүүгө укуктуу 3 миллиондой түрк жашайт, алардын көбү – 1,4 миллиону Германияда отурукташкан.

Австрия жана Нидерланды түрк саясатчыларынын шайлоо алдындагы үгүт кампаниясына өз аймактарында уруксат бербесин өткөн айда эскерткен.

Сараево Анкара менен мурдатан эле жакшы мамиледе. Түркия 1990-жылдардагы согуш учурунда талкаланган шаарды кайра курууга чоң салым кошкон.

Эрдоган менен жолугушууга келген түрктөр. 20-май
Эрдоган менен жолугушууга келген түрктөр. 20-май

Эрдоган Сараевого жекшемби күнү эртең менен тышкы иштер, экономика, спорт, маданият, транспорт министрлери жана башка расмий адамдар кирген чоң делегациянын коштоосунда келген.

Президент ошол эле күнү Босниянын үч тараптуу президенттигинин мусулман мүчөсү Бакир Изетбегович менен жолугушту.

Босния-Герцеговинанын 3,5 миллион калкынын дээрлик жарымы мусулмандар, үчтөн бир бөлүгү сербдер жана 15 процентке жакыны хорваттар.

Айрым босниялыктар Эрдогандын катышуусундагы митингге каршы ойлорун билдиришкен. Босниялык сербдердин лидери Милорад Додик түрк лидерин "Босниядагы иштерге кийлигишет" деп сындады.

1878-жылга чейин Босния жана Балкандын басымдүү бөлүгү төрт кылым Осмон империясынын астында болуп келген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG