Линктер

шейшемби, 16-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 10:36

Апта: Эрдогандын эскертүүсү, АКШнын "таамай" соккусу


Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Түркиянын мамлекет башчысы Режеп Тайип Эрдоган, Анкара, 9-апрель, 2018-жыл

Узап бараткан жуманын урунттуу окуяларына сереп.

Жума күнү президент Сооронбай Жээнбеков Индира Жолдубаеваны баш прокурорлук кызматтан бошотту. Шаршембиде Жогорку Кеңештин 105 депутаты аны мөөнөтүнөн мурда кызматтан алуу тууралуу президенттин сунушун колдоду. Социал-демократтар фракциясынын эки мүчөсү Аалы Карашев менен Асел Кодуранова “каршы” добуш берди.

Парламенттеги жыйынга Жолдубаева өзү катышкан жок. Ал Жогорку Кеңешке кат жолдоп, маселени ансыз эле карай берүүнү өтүнгөн.

Парламентте президенттик аппараттын башчысы Мухамедкалый Абылгазиев баяндама жасап, башкы көзөмөл органы “адам укуктары менен эркиндигин одоно бузууларга жол берип” жатканын сындады. “Башкы прокурорго өлкөдөгү антикоррупциялык чараларды координациялоо милдети жүктөлгөн. Мына ушул мезгил аралыгында координациялык кеӊештин бир дагы жыйыны өткөн жок. Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча көрүлгөн чаралар жетишсиз болду”, – деген Абылгазиев прокуратура көзөмөл органынан “статистика менен алектенген” мекемеге айланганын баса белгиледи.

Парламент баш прокурорду кетирди
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:30 0:00

Жолдубаева 2015-жылы президент Атамбаевдин сунушу менен парламенттин 105 депутаты колдоп, Башкы прокуратураны жетектөөгө дайындалган.

Соңку кезде коомчулукта башкы прокурор мурдагы бийликтин саясий буйругун аткарып жатат деген сын күчөгөн. Мурдагы башкы прокурор, “Бир Бол” фракциясынын мүчөсү Мыктыбек Абдылдаев башкы көзөмөл органынын саясий системадагы ордуна жана анын жетекчисинин кесипкөйлүгүнө токтолду.

“Башкы прокурорго эч ким басым жасабашы керек. Тигил саясатчыга же буга кылмыш ишин козго деген болбосун. Ал өз функциясын аткарып, аткара албай калганда кетип калгыдай шарт түзүп берүү керек”, - деген депутат соңку сегиз жыл ичинде үч башкы прокурор соттолгонун эске салды.

Абдылдаев: Прокуратурага өз милдеттерин кайтаргыла
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:59 0:00

Ал эми Социал-демократтар фракциясынын мүчөсү Ирина Карамушкинанын оюнча, мамлекет башчы коррупцияга каршы күрөштө өзү ишенген адамдардан команда түзүп жатат.

- Эгер президент башкы прокуратурага ишенбесе, алар кантип мамлекеттик бийлик органдарындагы коррупцияны жоюуда чогуу иштеше алмак эле? Президентке резонанстуу иштерди иликтөөдө ишенимдүү адамдардан турган өз командасын түзүшү керек, – деди эл өкүлү.

"Республика - Ата-Журт” фракциясынын мүчөсү Руслан Казакбаев болсо Жолдубаева кызматта турган маалда бир топ жакшы иштер жасалганын белгиледи. “Ал аткаруучу. Ал президент, парламент жана башка укук коргоо органдары менен биргелешип иштешкен адам” деп түшүндүрдү.

Ал эми депутат Жанар Акаев кызматтан кетип жаткан башкы прокурор менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы "саясий буйрук" аткарганы үчүн жоопкерчиликке тартылышы керек деп эсептейт.

- Эмне үчүн эң чоң жаза катары аларды кызматтан кетирип коюшубуз керек? Мындай болбошу керек. Буга чейин жасаган иштерине, канча адамдын тагдыры менен ойногонуна, саясий буйрутманы аткарганына азыр жооп беришсин!, – деген маселени Акаев парламент трибунасынан көтөрдү.

Жолдубаева Башкы пркуратураны үч жыл жетектеди. Бул маалда бир катар оппозиция өкүлдөрүнө, депутаттарга, саясатчыларга кылмыш иши козголуп, көпчүлүгү эркинен ажыратылды.

“Хьюман Райтс” эл аралык уюму 2017-жыл Кыргызстандын соңку тарыхында сөз эркиндиги чектелип, медиа уюмдардын жабылышы жана аларга каршы укуктук механизмдер колдонулганы жагынан катаал жыл болуп калды деген баасын берген.

Шаршембиде Жогорку Кеңештин 12 депутатынан турган “Парламентаризм үчүн” клубунун мүчөлөрү соттолгон, камалган саясатчылардын, доого жыгылган журналисттердин жакындары, адвокаттары менен жолукту.

Алар негизинен акыркы эки-үч жылдан бери соттолуп, абакка кесилип же айыппулга жыгылгандарга чыккан сот чечимдеринин артында “саясий буйрук” жатканын жана алар мыйзамды одоно бузуу менен чыгарылганын белгилешти.

“Ата Мекен" фракциясынын мүчөсү Каныбек Иманалиев “Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” программасына катышканда соңку төрт-беш жылда өлкөдө болгон “саясий кысымга” баа берилиши зарыл деген пикирин айтты.

- Биз абакта жаткан Дүйшөн Чотонов, Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Бекболот Талгарбеков, Марат Султанов, Төрөбай Колубаев, Өмүрбек Текебаевдин баары менен жолугуп чыктык. Баары тең конституциялык укуктары бузулганын айтышты. Алар президенттик аппаратта иштеген Манас Арабаевдин көрсөтмөсүн аткарган соттордун курмандыгы болушканын белгилешти, - деген Иманалиев эгер ал далилденсе, “бийликти узурпациялоо болуп калышы мүмкүн” экенин кошумчалады. Эл өкүлү саясий активисттер менен катар эле “саясий куугунтуктан жапа чеккен журналисттердин” иштерин да атады.

Жолугушууда сот чечимдерин кайра кароо, териштирүү, тергөө маалындагы мыйзам бузууну атайын комиссия түзүп, иликтөө жүргүзүүгө байланыштуу сунуштар айтылды. Чогулгандардын бир тобу укук коргоо органдарынын жетекчилерин, ишти караган судьяларды жоопко тартууну талап кылышты.

Саясий эксперт Турат Акимовдун белгилешинче, чуулгандуу саясий иштерди кайра карап чыгуунун башында президент Жээнбеков өзү туруп, “маселени мыйзамдуу жол” менен чечиши абзел.

- Президент алгач өзү ишенген жаңы башкы прокурорду дайындашы керек. Ага кайра тапшырма берип, козголгон кылмыш иштеринин баарын аудиттен, юридикалык экспертизадан өткөрүшү зарыл. Анан ошол жерден кайсы маселе боюнча ким камалган, кайсы кишиники саясий куугунтук болгон, ал эми кайсы киши куугунтукка жамынып адилеттүү эле кесилди - ошону аныкташ керек, - деген оюн Акимов "Азаттыкка” курган маегинде ортого салды.

Бишкектеги "Саясий туткундарды коргоо комитети" бейөкмөт уюмунун маалыматына караганда, ушу тапта "саясий негизде куугунтукталган" деп эсептелгендердин саны 30дан ашты.

Анкара "ФЕТО коркунучун" эскертти

Президент Сооронбай Жээнбеков 9-10-апрелде Түркияга расмий сапар менен барды. Кыргыз лидеринин сапары акыркы эки жылда Бишкек-Анкара мамилеси солгундаган учурга туш келди.

Буга чейинки кыргыз бийлиги менен түрк истеблишментинин ортосунда ачык кайым айтыш орун алып, жогорку деңгээлдеги карым-катнаш начарлаган. Ошондуктан бул жолку жаңы шайланган кыргыз президентинин сапары Түркиянын жогорку жетекчилиги менен саясий диалогду жакшыртуу максатын көздөгөн эле.

Жээнбеков биринчи күнү түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолукту. Анын жыйынтыгында экономика, инвестиция, айыл чарба, спорт, социалдык камсыздандыруу жана маалымат чөйрөсүндөгү алты документке кол коюлду.

Анкара: кыргыз президентин тосуп алуу салтанаты
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:07 0:00

Кыргызстандын мамлекет башчысы Түркия менен кызматташтыкты күчөтөрүн, бул сапар эки тарапка тең жаңы дем бергенин баса белгиледи. Кол коюлган документтер арасынан социалдык камсыздандыруу боюнча келишимди өзгөчө белгилеп, “тарыхый документ” деп атады.

- Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы социалдык камсыздандыруу жөнүндө келишим бар. Башкача айтканда, эки жакта иштеп камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөгөн жарандарга бир эле мезгилде Түркия жана Кыргызстандын пенсиясын алууга мүмкүнчүлүк болот, - деп айтты президент Жээнбеков жолугушуудан кийинки маалымат жыйында.

Эрдоган журналисттердин алдына чыкканда “Кыргызстан Түркия үчүн өзгөчө өлкө” экенине токтолду. Түрк президенти "2016-жылы аскердик төңкөрүш аракетинин артында турат" деген диниятчы Фетхуллах Гүлендин кыймылы Кыргызстан үчүн да “кооптуу” деп, кыргыз президентин аларга чара көрүүгө чакырды.

- ФЕТО мүчөлөрү жана ага ылым санагандар Түркия менен Кыргызстандын ортосунда ар түркүн чагым салганга аракет кылды. Президент Жээнбековдун бүгүнкү сапары ФЕТОнун бул аракеттерине каршы эң жакшы жооп деп ойлойм, – деди өз сөзүндө Эрдоган.

Кыргызстан үчүн да “коркунуч туудурган” бул уюмдун башчыларын кармап, “тамырын жулуу президенттер катары биздин моюнубуздагы милдет” деп түрк лидери кошумчалады.

Президент Жээнбеков болсо Гүлендин мектептери боюнча Эрдогандын айтканына жооп кайтарып, позициясын билдирбеди.

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусов бул маселе боюнча эки тараптуу кызматташтык президенттин расмий сапарына чейин эле жанданганын белгиледи.

- Эгерде "феточу" дегени Кыргызстанда аныкталса, бул түрк элине жакшылык кылбагандар кыргыз элине да жакшылык кылбайт, – деген элчи түрктөрдүн мындай эскертүүсүнө кулак салууга кеңеш берет.

Бул маселеде кыргыз бийлигинин жаңы позициясы ачык айтыла электе элчинин Анкарага жан тарткан эскертүүсү коомчулукта кызуу талкуу жаратты.

Мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкуловдун пикирине кызыкканыбызда маселенин төмөнкүдөй өңүтүнө токтолду.

- Эгерде элчи өзүм билемдик кылып айткан болсо, анда өтө чоң катачылык кетирди. Анан калса бул маселе өтө талылуу жана өтө кылдат көңүл бурууну талап кылат. Бүгүнкү күндө "Сапат" эл аралык билим берүү мекемеси биздин коомубузга аябай сиңип, канчалаган жаштар ошол жактан окуп, билим алып жатпайбы, - деген тажрыйбалуу дипломат "Тышкы иштер министрлиги бул маселе боюнча президентке маалымат даярдап берүүгө тийиш болчу" деп түшүндүрдү.

Кыргыз бийлиги Түркиянын 2016-жылы койгон талабын четке каккан билдирүүсүн жокко чыгарганын жарыялай элек.

Бишкек мурдагы "Себат", азыркы "Сапат" билим берүү мекемелеринин ишмердиги боюнча маселени сырттан таңууланган саясат аркылуу эмес, өз алдынча чечим кабыл аларын билдирген. Ошондуктан "Элчинин бул билдирүүсү Тышкы иштер министрлиги менен макулдашылганбы же жокпу?" деген суроо азырынча ачык бойдон турат.

2016-жылы Түркия "гүленчилердин" таасири Кыргызстанда да күч экенин айтып, “Себат” мектептерине тыюу салууну суранган. Ошол кездеги бийлик Анкаранын суранычын аткаруудан баш тарткан. Атургай мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Анкараны Кыргызстандын “ички ишине кийлигишип жатат" деп сынга алып, каяша айткан.

“Себат” билим берүү мекемеси Кыргызстанда 1992-жылдан бери иштеп келе жатат. Былтыр кыргыз бийлигинин чечими менен “Сапат” болуп өзгөргөн.

Брюссел: Кызматташуу келишими жаңыртылат

11-12-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков Брюсселде эки күндүк сапарда болду. Жолугушуулардын негизги өзөгүн Кыргызстандагы демократиянын, адам укуктарынын жана сөз эркиндигинин абалына байланыштуу сүйлөшүүлөр түздү.

Президенттик кызматка киришкени Брюсселге биринчи жолу келген кыргыз лидери Европа Биримдигинин институттарынын жетекчилери менен жолугуп, эки тараптуу мамилелерди талкуулады.

Еврокомиссиянын төрагасы Жан-Клод Юнкер Кыргызстандагы демократиялык өзгөрүүлөр жалпы Борбор Азия чөлкөмү үчүн маанилүү экенине токтолду.

Юнкер Жээнбековду коррупцияга каршы күрөш, адамдын фундаменталдык укуктарын сактоо, сөз эркиндиги жаатындагы иштерди улантууга үндөдү. Ал ошондой эле Кыргызстан менен Евробиримдик ортосундагы экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнү талкууланганын, жаңы келишим даярдалып жатканын билдирди.

Сооронбай Жээнбеков менен Дональд Туск.
Сооронбай Жээнбеков менен Дональд Туск.

Европа Кеңешинин төрагасы Дональд Туск “Кыргызстан региондогу бардык өлкөлөргө өрнөк боло аларына” токтолуп, демократия багытындагы аракетин жогору баалады.

Биримдиктин лидерлери Кыргызстанда 2017-жылы шайлоо аркылуу бийликтин демократиялык жол менен алмашканын бир ооздон белгилешти.

Ал эми Жээнбеков ​"бул сапардын өзү Кыргызстан Европа Биримдиги менен кызматташтыкка артыкчылык берерин туюнтуп турат. Биз ЕБны маанилүү өнөктөш деп эсептейбиз” деди. Ошондой эле Брюсселдеги сүйлөшүүлөр ачык маанайда өткөнүн кошумчалады.

Кыргыз президенти менен жолуккан ЕБнын башка лидерлери да Кыргызстанда демократиянын бекемделишине, көз карандысыз сот системасын түзүүгө көмөктөшөрүн билдиришти.

Европа Биримдиги менен Кыргызстандын ортосунда 1999-жылы түзүлгөн келишим кеңейтилип, мезгил талабына шайкеш болуп кайра иштелип жатат. Кыргызстандын Брюсселдеги элчиси Асейин Исаевдин айтымында, эки тарап тең макулдашууну эки жарым жыл аралыгында жаңылап чыгып, кабыл алууну көздөп турат.

- Президенттин экономикалык жактан эмес, саясий кызматташууну алдыңкы орунга коюп жатканы буларга жагып жатат. Саясий маселелер чечилсе башка маселелер да, экономикалык кызматташуу да чечилет, - деп, даярдалып жаткан келишим Европа Биримдиги менен карым-катышты жаңы деңгээлге чыгарат деп ишендирди.

Жээнбеков Европа өнүктүрүү банкынын Борбор Азия боюнча өкүлү Наталья Ханженкова менен сүйлөшүү өткөрдү. Эл аралык банк Кыргызстандын аймактарын таза суу менен камсыздоо долбоорун колдоо үчүн 86 миллион доллар бөлөрүн билдирди. Анын 36 миллион доллары грант түрүндө берилмекчи.

Сирияга “таамай” сокку урулду

Ишембиде АКШ, Британия жана Франция Сирияда атайын операцияны ишке ашырды. Ал тууралуу президент Дональд Трамп Ак үйдөн жарыялады.

Биздин бүгүнкү аракеттердин максаты - химиялык куралды колдонууну, өндүрүүнү, таратууну токтото турган күчтүү факторду түзүү”, - деди Трамп америкалыктарга жасаган кайрылуусунда.

Америкалык лидер Сириянын химиялык курал жасаган жайларын бутага алган аскерий аракеттерди "таамай сокку” деп мүнөздөдү.

"Бул Орусия убадасын аткарбагандын жыйынтыгы"
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:05 0:00

АКШ армиясындагы штаб башчылардын Бириккен комитетинин төрагасы, генерал Жозеф Данфорддун билдиргенине караганда, баш калаа Дамасктагы Сириянын химиялык жана биологиялык курал боюнча изилдөө борбору, Хомс провинциясында эки химиялык курал кампасы бутага алынып, сокку жасалды.

Маалыматка караганда, үч өнөктөш бирге жасаган кыска операцияларда 120дан ашуун ракета атылды.

Бул арада Сирия армиясы ракеталардын 13үн бутага жеткирбей атып түшүргөнүн билдирди.

Орусиялык “Коммерсантъ” гезити аба соккуларында Сириядагы 10 объект аткылоого кабылганын жазды. Бирок бул азырынча расмий тастыктала элек.

Жети жылдан берки жарандык согушта президент Асаддын бийлигин колдоп келе жаткан Орусиянын лидери Владимир Путин Сирияга жасалган соккуну “суверендүү өлкөгө карата агрессия” деп баалады. Иран дагы бул аракетти айыптап, анын “аймактык кесепеттери” болорун эскертти.

Орусия ишембиде БУУнун Коопсуздук кеңешин чукул жыйынга чакырып, резолюциянын долбоорун сунуш кылды. Анда АКШнын, Британиянын жана Франциянын Сирияга жасаган аскерий соккусу “агрессия” катары айыпталган. Добуш берүүгө келгенде резолюцияны Коопсуздук кеңешке мүчө 15 мамлекеттин үчөө эле колдоп, сегизи "каршы" чыкты, төртөө "калыс" калды.

Орусия Сириядагы кырдаалга байланыштуу Жамааттык коопсуздук боюнча келишими уюмунун туруктуу кеңешинин чукул жыйынын чакырганын "РИА Новости" агенттиги ишембиде кабарлады.

НАТОго кирген 29 мамлекет Сирияга жасалган аскерий соккуну колдоду. Жапония менен Австралия АКШ баштаган аба соккуларды толугу менен колдой турганын жарыялашты.

Сирияда операция ишке ашканын АКШдан кийин эле британ премьер-министри Тереза Мэй жарыялады. Ал бул чечим Британиянын улуттук кызыкчылыктарына туура келээрин белгилеп, «бул жарандык согушка кийлигишүү эмес. Бул Сириянын режимин өзгөртүү эмес. Бул чектелген жана таамай бутага алынган сокку. Ал аймакта чыңалууну андан ары күчөтпөйт», - деди ишенимдүү түрдө.

«Мунун баары Сириянын режимин ооздуктоого багытталганы менен химиялык курал колдонуп, ал үчүн жоопкерчилик тартпайм деген кимге болсо дагы ташка тамга баскандай белги берет», - деди британ өкмөт башчы сөзүнүн соңунда.

Француз президенти Эммануэл Макрон Дума шаарындагы ондогон адамдардын өмүрүн алган «химиялык чабуулдан» кийин сириялык режим «кызыл чектен өттү» деп билдирген.

Сирия. 14-апрель, 2018-жыл
Сирия. 14-апрель, 2018-жыл

​Сириядагы оппозициячыл активисттер менен куткаруучулардын айтымында, 7-апрелдеги химиялык чабуул деп божолдонгон окуяда 40 кишинин өмүрү кыйылган. Алардын арасында балдар да бар.

АКШ менен Батыш өлкөлөрү бул үчүн сириялык режимди колдогон Орусия менен Иранды кошо күнөөлөгөн.

Москва менен Дамаск Дума шаарында химиялык чабуул болгонун четке кагып, "Сириянын бийлигине каршы багытталган кандай гана ракеталык сокку болбосун, дал ошондой жооп кайтарылат" деп эскертишкен.

Орусиянын Ливандагы элчиси атайын күчтөр америкалык ракеталарды атып түшүрүүгө жана алар учурулган жерди тыптыйпыл кылууга даярдыгын айткан.

Андан кийин Сириядагы жаңжалда куралдуу соккудан оолак болуу чакырыктары АКШнын өзүнөн да, эл аралык коомчулуктан да айтылды.

Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши Сириянын тегерегиндеги кырдаалды апта ичинде үч ирет талкуулап, химиялык чабуулду иликтөө маселесинде мунасага келе алган жок.

Гаага шаарында жайгашкан Химиялык куралга тыюу салган эл аралык топтун биринчи миссиясы Сирияга барганы жума күнү кабарланды.

Бейшембиде Орусия менен Сирия "химиялык чабуул болду" деп кабарланган Дума шаарын өкмөттүк күчтөр толугу менен каратканын жарыялашты. Бул шаар бир канча жылдан бери оппозициянын таянычы болгон Чыгыш Гута анклавындагы козголоңчулар ээлик кылган акыркы шаар эле.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG