Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:49

Кремль АКШны Сирияга сокку урбоого чакырды


Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков. 8-март, 2018-жыл.
Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков. 8-март, 2018-жыл.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Кошмо Штаттарды Сирияга куралдуу сокку урбоого чакырып, андай болсо Жакынкы Чыгышта “кырдаал курчуй” турганын билдирди.

Песков 11-апрелде башка орусиялык аткаминерлердин билдирүүлөрүн кайталады. Буга чейин орусиялык аткаминерлер Вашингтонго "Сирияга сокку урбаш керек" деп эскертишкен.

Кошмо Штаттар бир катар союздаштары менен 7-апрелде Дума шаарында болгон болжолдуу химиялык чабуулдан ондогон бейкүнөө адамдын өмүрү кыйылган соң, Асаддын армиясына чара көрүүнү талкуулап жатышат.

Песков ошондой эле Орусиянын Ливандагы элчисинин айтканы боюнча комментрий берүүдөн баш тартты. 10-апрелде орус элчиси армия Сирияны көздөй атылган АКШнын ракеталарын абадан атып түшүрүүгө даяр туруу зарылдыгы жөнүндө эскертилгенин айткан.

XS
SM
MD
LG