Линктер

шаршемби, 23-май, 2018 Бишкек убактысы 15:15

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган кезексиз президенттик жана парламенттик шайлоо жарыялады. Бул шайлоодон кийин өлкө толук президенттик башкарууга өтөт. Түркияда 2016-жылдагы төңкөрүш аракетинен бери өзгөчө абал тартиби сакталып турат. Шайлоо учурунда да ал алынбай турган болду. Парламенттик республика саналган Түркия президенттик башкарууга толук өтсө мамлекет башчынын ыйгарым укуктары абдан кеңейет.

Режеп Тайып Эрдоган кезексиз президенттик жана парламенттик шайлоону 24-июнга белгиледи. Түрк лидери мындай чечимге Улутчул кыймыл партиясынын лидери Давлет Бахчели менен сүйлөшүү өткөргөндөн кийин келген. Мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү сунушун 17-апрелде күтүүсүздөн эле көтөрүп чыккан Давлет Бахчели - президент Эрдогандын союздашы катары белгилүү.

Эрдоган 18-апрелде шайлоону мөөнөтүнөн бир жыл мурда өткөрүү чечимин түшүндүрүп жатып, Сирия жана башка аймактардагы окуяларды эске алганда Түркия тезирээк президенттик башкарууга өтүшү зарыл болуп турат деп айтты:

- Жаңы системага өтүү өлкөнүн келечеги үчүн маанилүү чечимдерди кабыл алууда жана аны аткарууда зарыл болуп турат. Биз Бахчелинин кечээги сунушун бүгүн биздин өлкө бет келген реалдуулуктарды эске алып, тиешелүү кеңештер менен талкууладык. Биз өзүбүздүн досторубуз менен макулдашып, шайлоону эрте өткөрүү маселесин туура көрдүк.

Айрым талдоочулар бийликтин кезексиз шайлоо өткөрүү чечимин өлкө экономикасындагы кыйынчылыктарга байланыштырып жатат. Анткени алар буга чейин башка партиялардан айтылган ушундай эле сунушту колдобой келишкен. Оппозиция болсо бийлик шайлоо өткөрүү чечимин ачык-айкын талкуулаган жок, көмүскө кабыл алды деп сындашууда.

Кезектеги президенттик жана парламенттик шайлоо негизи 2019-жылдын ноябрында өтүшү керек болчу. Түркияда былтыр 16-апрелде талаштуу референдум өтүп, элдин көбү президенттик башкарууга өтүүнү колдоду деп табылган.

Түрк парламенти.
Түрк парламенти.

Түркиянын Конституциясына өзгөртүү киргизген талаштуу референдум былтыр 16-апрелде өткөн. Анда референдумга келгендердин 24,9 миллиону президенттик башкарууга өтүүнү колдогон. Бул добуш бергендердин 51,3% түзгөн. Ал эми каршылар 23,6 миллион киши болгон же 49 пайыздайды түзгөн. Ортодогу ажырым эки пайызга жеткен эмес. Бул талаштуу референдумду эл аралык байкоочулар сынга алып, ал “бирдей эмес оюн талаасында” өткөнүн белгилешкен. ЕККУнун жана Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясы – ПАСЕ байкоочуларынын биргелешкен билдирүүсүндө референдумдун укуктук базасы да “нукура демократиялык референдумду өткөрүш үчүн жетишсиз бойдон калганы", эл аралык стандарттарга жооп бербегени айтышкан.

Бирок конституциялык өзгөртүүлөр шайлоодон кийин гана күчүнө кирмек.

Түркияда 2016-жылдын июль айындагы төңкөрүш аракетинен бери өзгөчө кырдаал абалында жашап келе жатат. Кезексиз шайлоо өтөөрү жарыялангандан кийин оппозиция бийликти аны тезинен алып салууга чакырды. Башкы оппозициялык Элдик-демократиялыкпартиянын билдиришинче, "өзгөчө абал шартында шайлоо өткөрүү дегеле мүмкүн эмес".

Бирок ушул эле күнү Түркия парламенти өзгөчө абал тартибин дагы үч айга узартып койду.

Бул - 24-июндагы шайлоо өзгөчө абал шартында өтөт дегенди билдирет. Президент Режеп Тайып Эрдогандын бийлиги "2016-жылдагы аскердик төңкөрүш аракетинин артында турат" деп АКШда жашаган диниятчы Фетхуллах Гүленди күнөөлөп келет. Гүлен мындай дооматтарды бир канча жол четке каккан.

БУУнун Адам укуктары кеңсесинин бир ай мурдагы маалыматына караганда, өзгөчө абал тартиби киргенден бери 160 миңдей киши камалды. 152 миңдей жарандык кызматкер ишинен бошотулду. Алардын көбү - мугалимдер, соттор, адвокаттар - иштен негизсиз эле алынып, кылмыш жоопкерчилигине тартылды. Журналисттер камалып, массалык маалымат каражаттары жабылды, интернет-сайттарга бөгөт коюлду. Эл аралык уюмдар жана Батыш мамлекеттери өзгөчө абал өтө көп адамдардын укуктарын одоно жана негизсиз чектеш үчүн колдонулганы анык деп бааланган. Президент Режеп Тайып Эрдогандын бийлиги "2016-жылдагы аскердик төңкөрүш аракетинин артында турат" деп АКШда жашаган диниятчы Фетхуллах Гүленди күнөөлөп келет. Гүлен болсо мындай дооматтарды четке каккан.

Фетхулла Гүлен.
Фетхулла Гүлен.

Режеп Тайып Эрдоган бийликтеги “Адилеттүүлүк жана өнүгүү” же АК партиянын лидери катары он эки жылдык премьерликтен соң 2014-жылы августта президенттик кызматка өткөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG