Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:56

Түркиянын Сириядагы күрттөргө каршы жортуулу


Түркиянын аскерлери менен күрт кошуундарына каршы чараларга катышып жаткан Эркин Сирия армиясынын жоокерлери. 21.1.2018.
Түркиянын аскерлери менен күрт кошуундарына каршы чараларга катышып жаткан Эркин Сирия армиясынын жоокерлери. 21.1.2018.

Түркия Сириянын аймагында күрт кошуундарына каршы аскердик амалдарды улантууда. Күрттөрдүн Элдик коргонуу кошууну түрктөрдүн аба соккуларынан жай тургундар да мерт кеткенин кабарлады.

Расмий Анкара Сириянын түндүк-батышындагы Африн аймагында күрт кошуундарына каршы "Зайтун бутагы" деп аталган аскердик амалын баштагандыгын 17-январда билдирген.

21-январда ал жакка түрк аскерлери да киргени маалым болду. Бул тууралуу Түркиянын премьер-министри Бинали Йылдырым жекшембиде жарыялады.

- Окуялардын өнүгүшүнө жараша биздин жөө аскерлер тиешелүү аракеттерди жүргүзүшөт. Бул аскердик амалда түрк аскерлеринен тышкары Эркин Сирия армиясынын да жоокерлери катышууда, - деди Йылдырым.

Түркиянын премьер-министри Бинали Йылдырым.
Түркиянын премьер-министри Бинали Йылдырым.

Аскердик чарага катышып жаткан жоокерлердин саны тууралуу айтылган жок. HaberTurk телеканалы Йылдырымдын сөзүнө таянып кабарлаганына караганда, бул аскердик чаранын башкы максаты - Сирия-Түркия чек арасында жайгашкан Африн вилейетинде отуз чакырымга созулган коопсуздук тилкесин түзүүгө багытталган.

Анткен менен 20-январда жасаган билдирүүсүндө Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган аскердик иш-чаранын максатын башкача түшүндүрдү:

- Биздин максат эмнеде? Биздин максат мындай - биздин өлкөдө 3,5 миллиондой сириялык бар, туурабы? Ооба, ошол себептен биз чабуул баштадык. Биздин максат - мына ошол сириялык 3,5 миллион бир тууганыбызды кайра өз мекенине жөнөтүү болуп саналат.

Эрдоган "Зайтун бутагы" деп аталган аскердик чара Афринге коңшу Манбиж аймагында да улантылышы мүмкүндүгүн ишара кылды.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган.
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган.

Түрк аскерлери маалымдагандай, артиллерия жана аскердик учактардын жардамы менен күрттөрдүн 153 аскердик туруму жок кылынды. Алардын ичинде жоочулар колдонгон курал-жарак кампалары, баш калкалоочу жайлары да бар.

Ал эми Күрттөрдүн Элдик коргонуу кошууну деп аталган топтун расмийлери Африн аймагындагы түрк чабуулдарынан кеминде он адам, негизинен карапайым тургундар набыт болду деп маалымдашты.

Түркиянын коопсуздук күчтөрү бул маалыматты ырастап, бирок алардын баары күрт жоочулары экенин билдиришти.

Кошуундун лидерлеринин бири Салих Муслимдин айтымында, алардын коргонууга чамасы жетпей калды.

- Афринде биз абдан катаал чабуулга туш болуп жатабыз. Өзүңөр уккандай, алар кечээтен тарта Африндин айланасын учактардан бомбалап башташты. Бул аймакта жашаган күрттөр, араптар жана түркмөндөр - биз бул катаал кол салууларга туруштук бере албай, өзүбүздү коргой албай калдык.

Түркия Африндеги жайларга сокку урууну 17-январда баштаган.
Түркия Африндеги жайларга сокку урууну 17-январда баштаган.

​Буга чейин АКШнын Мамлекеттик департаменти НАТОго мүчө Түркияны Сириянын түндүк-батышындагы күрттөргө чабуул койбоого чакырган.

Мамдепартамент расмий Анкара анын ордуна "Ислам мамлекети" террордук тобуна каршы күрөшкө көбүрөөк көңүл буруусу зарылдыгын белгилеген.

Анкарадан белгилүү болгондой, жекшембиде Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Ушул эле күнү бул теманын айланасында Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров да Тиллерсон менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Сирия түндүгүндө туруктуулуктуу камсыздоо маселесин талкуулашты.

Ал эми Франция болсо Сириянын аймагында Түркия жүргүзүп жаткан аскерий аракеттер боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешин чогултууну талап кылды. Бул тууралуу Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ив Ле Дриан "Твиттердеги" баракчасына жазды.

Күрттөрдүн Элдик коргонуу кошууну деп аталган тобун Кошмо Штаттар колдоп, Сириядагы "Ислам мамлекети" террордук тобуна каршы күрөштө ага жардам берип келсе, Түркия бул кошуунду да террордук топ деп эсептейт.

14-январда болсо АКШ баштаган эл аралык коалиция күрттөр жетектеген кошуундарга 30 миң кишиден турган чек ара күчтөрүн түзүүгө жардам берээрин жарыялаган. Буга Түркия караманча-каршы экенин билдирген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG