Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:53

Асад Орусияга дагы ишеним артты


Сириянын президенти Башар Асад менен Орусиянын президенти Владимир Путин.
Сириянын президенти Башар Асад менен Орусиянын президенти Владимир Путин.

Сочиде Орусия менен Сириянын президенттеринин сүйлөшүүлөрү өттү. Бул Башар Асаддын акыркы эки жылда Орусияга экинчи ирет келиши. Путин менен Асаддын азыркы жолугушуусу Сириядагы алты жылдык жарандык согушту токтотуу боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрү жанданар алдында болду.

Бул ирет Сочиде Башар Асадды аскер башчылардын алдына алып келген Владимир Путин "Сирия мамлекет катары орус армиясынын аракети менен сакталып калды, муну Асад дагы моюнга алат" деп ырастады:

- Ал (Башар Асад) Сирия мамлекет катары орус армиясынын аракеттеринен улам сакталып калганын билет жана бул тууралуу бүгүн мага айтты. Сириядагы кырдаалды турукташтырыш үчүн көп нерсе жасалды. Мен жакынкы келечекте Сирияда терроризмге каршы күрөшкө чекит коёбуз деп үмүттөнөм.

Путин менен Асаддын азыркы кездешүүсүнүн алдында Сириянын мамлекеттик медиасы өкмөттүк күчтөр Ирак менен чек арадагы, акыркы Албу Камал шаарчасын “Ислам мамлекетти” тобунан толук бошотконун кабарлашкан эле.

Башар Асад менен Владимир Путиндин плакаты. Алеппо
Башар Асад менен Владимир Путиндин плакаты. Алеппо

Муну менен Сирияда да ИМ тобунун калган-каткан согушкерлери чөлдүү жерлердеги кыштактарга ооп кеткен.

Ал эми мындан бир ай мурда Асаддын өкмөтү менен кызматташпаган күрт жана араб кошуундарынын АКШ колдогон Сирия демократиялык күчтөрү “Ислам мамлекети” террордук тобун иш жүзүндө анын бул өлкөдөгү борбору болгон Ракка шаарынан сүрүп чыгарган.

Мындан он күн мурда АКШнын жана Орусиянын президенттери Азиядагы саммитте атайын билдирүү тараткан.

Анда Сириянын арты жарандык согушка айланып кеткен жаңжалы аскердик эмес, саясий жол менен гана жөнгө салынары көргөзүлгөн болчу.

Асад орус медиасы кабарлагандай, Сочиде “өзгөчө биз террорчуларды жеңип чыккандыктан саясий жараяндын алга жылышын каалайбыз" деп билдирген.

Бирок Сирия президенти адатта “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлерин гана эмес, өз оппоненттеринин көпчүлүгүн да “террорчулар” деп атап келет.

Путин Сирия маселесин 21-ноябрда АКШ президенти Доналд Трамп менен да талкуулоону көздөп жатканын айтты. Ал эми 28-ноябрда Женевада Улуттар Уюму демөөрчүлүк кылган тынчтык жараяндын сегизинчи айлампасы башталат деп күтүлүп жатат:

Стаффан де Мистура
Стаффан де Мистура

- Менимче азыр кимдир-бирөө "согушту уттум" деп ырастай албайт. Өкмөт балким алдыга жылды, иш жүзүндө ал аскердик жактан, өзгөчө аймактарды кайтарып алуу жагынан алдыга жылды. Бирок жеңиш туруктуу жана узак мөөнөттүү саясий чечим болгондо гана камсыз болот, - дейт БУУнун Сирия боюнча чабарманы Стефан де Мистура.

Женева жараянынан тышкары, Астанада Орусия, Түркия, Иран демөөрчүлүк кылган өзүнчө сүйлөшүү да өтүп келет. Буга чейин анын жети айлампасы болду.

Сирия боюнча тынчтык жараянга дем берүү маселесин Орусиянын, Ирандын, Түркия президенттери да 22-ноябрда Сочидеги кездешүүдө талкуулаганы жатышат.

Буга чейин Сирияда Орусия жана Иран Башар Асаддын режимин, Түркия болсо Асадды кулатууну көздөгөн козголоңчуларды колдоп келди.

Сириядагы жарандык согушта азыркыга чейин 330 миңден ашуун кишинин өмүрү кыйылып, алты миллиондой адам өлкө сыртына качып чыгып, 5 миллиондой киши өлкө ичиндеги качкынга айланды.

Жарандык согуштун башаты президент Башар Асаддын режиминин 2011-жылдын жазында демократиялык өзгөрүүлөрдү талап кылып чыккан демонстранттарды күч менен басуу аракеттерине барып такалат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG