Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:41

Анкара-Ташкент: алаканын жаңы барагы


Өзбек президенти Шавкат Мирзиёев менен Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган.
Өзбек президенти Шавкат Мирзиёев менен Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган.

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Өзбекстан менен мамиле “стратегиялык деңгээлге” жеткенин билдирди.

29-апрелде Ташкентке барган Эрдоган өзбек президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушуу өткөрүп, парламентте сөз сүйлөдү. 1-майда Бухарага аттанды. Эки өлкөнүн алакасы Өзбекстандын мурдагы президенти, маркум Ислам Каримовдун тушунда начарлап кеткен.

30-апрелде түрк мамлекет башчысын Ташкенттеги Көксарай резиденциясында расмий тосуп алуу салтанаты өтүп, эки өлкөнүн президенттери тар чөйрөдө жолугушту.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев бул үч күндүк визит менен «эки мамлекет ортосундагы алакалардын жаңы барагы жазылды, Өзбекстан ар дайым түрк бир туугандары үчүн ачык”, - деди.

Ташкенттеги жолугушуу
Ташкенттеги жолугушуу

Мирзиёев президент Эрдоган менен эки өлкөнүн кызматташтыгын тескей турган биргелешкен кеңеш түзүү тууралуу макулдашканын, аны президенттер өздөрү жетектей турганын айтты.

Өзбек лидери бийликке келген 2016-жылдан бери Ташкенттин региондогу өлкөлөр менен алакасын жакшыртуу аракетин көрүп келет.

Эрдоган болсо эки тараптуу мамилелер “стратегиялык деңгээлге” жеткенин, визит учурунда кызматташтыкты андан ары тереңдете турган 25тен ашуун келишимге кол коюлганын белгиледи.

Ошол эле күнү түрк президенти Олий межлисте сөз сүйлөдү.

- Урматтуу Мирзиеев мырзанын бизнес жана инвестициялык климатты жакшыртууга карай чечкиндүү кадамдары өлкөнү инвесторлор үчүн жагымдуу жана ишенимдүү өнөктөш кылып көргөзүүдө. Өзбекстан экономикалык өнүгүү жолунда баратат. Ийгилик үчүн көп иштеп, көп аракет көрүү зарыл.

1-майда 200 чакты алдыңкы ишкерлер жана өкмөттүк расмий адамдар экономикалык форумга катышмакчы.

Ташкентке аттанар алдында Эрдоган Түркия менен Өзбекстан “колдон чыгарып жиберген мүмкүнчүлүктөрдү” кайра жандандырат деп үмүттөнөрүн айткан.

1991-жылы СССР кыйрап, Борбор Азиянын түрк тилдүү жумурияттары көз карандысыздык алгандан кийин Түркия аларды биринчилерден болуп тааныган. Бирок Ташкент менен Анкаранын мамилеси жылдар бою чыңалып турду.

Өзбекстанды чейрек кылымдан ашуун башкарган маркум Ислам Каримовдун тушунда, 1990-жылдардын орто ченинде эки өлкө жарандары үчүн визасыз каттоо алынып салган. Анын алдында Түркия өзбек оппозиция лидерлери Мухаммад Салих менен Абдурахмон Полатты экстрадиция кылуудан баш тарткан.

Каримов Түркияга акыркы жолу 1999-жылы барып кеткен. Мирзиёев болсо былтыр октябрда расмий визит жасаган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG