Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:49

Мирзиёев Дүйшөмбүгө чоң план менен келди


Шавкат Мирзиёев менен Эмомали Рахмон. 9-март, 2018-жыл.
Шавкат Мирзиёев менен Эмомали Рахмон. 9-март, 2018-жыл.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Дүйшөмбүдөгү эки күндүк мамлекеттик сапары башталды. Анын жүрүшүндө 25 документке кол коюлганы турат.

Тарыхый сапар

Өзбекстандын президенти Дүйшөмбүгө акыркы ирет 18 жыл мурун барган. Бирок эң жогорку деңгээлдеги - мамлекеттик сапар биринчи ирет болуп жатканы расмий белгиленди.

Шавкат Мирзиёев алака-катышты эл сагынып калганын Дүйшөмбүнүн көчөлөрүнөн өтүп баратып байкаганын айтты.

- Чынында бүгүнкү сапар тарыхый. Сиз жетектеген Тажикстан менен достук алакада өтө көп нерсе жасалды. Тажикстанда бүгүнкү жасалып аткандарды Өзбекстан эли, Өзбекстандын жетекчилиги толук колдойт. Бүгүн-эртең биз сүйлөшө турган документтер топтому биздин өнөктөштүктү жакын арада стратегиялык мамилеге жеткирет. Биз аны ырахаттануу менен ишке ашырабыз. Анткени биз муну абдан каалайбыз. Өзбекстандын тышкы саясаты - адегенде коңшулар менен жакындашуу. Өзгөчө Тажикстан менен, - деди өзбек лидери протоколдук амандашуу учурунда.

Андан соң президенттер өз ара жеке сүйлөштү. Ага журналисттер киргизилген жок. Кийин кеңири форматтагы жыйын өттү.

Өзбек-тажик делегацияларынын жолугушуусу.
Өзбек-тажик делегацияларынын жолугушуусу.

Коңшулук катышты калыбына келтирүү

Ислам Каримовдун тушунда Ташкент-Дүйшөмбү алакасы дурус болбогонун да азыркы өзбек лидери моюнга алды. Ортодо виза режими киргизилип, аба, темир жол каттамдары токтогон. Чек ара жабылган.

Акыркы бир жарым жылда 25 жыл токтоп турган аба каттамы кайра жанданды. Сапардын алдында өзбек-тажик чек арасындагы 10 авто жана темир жол өткөрмө бекети ачылды.

Отуз күндүк визасыз режим киргизилип, чек аранын жабыктыгынан улам 10-15 жыл катташа албай калган карапайым тургундар туугандарына жолугуп жатышат. Бүгүн ошол катташууну мындан ары жеңилдетүү жагы да сүйлөшүлдү.

Эки күн болчу сүйлөшүү учурунда ишкерлер форуму да өтөт. Жалпысынан инвестиция, каржы, транспорт-коммуникация, аймактардын ортосундагы кызматташтык ж.б. багыт боюнча 25 документке кол коюлганы турат.

Өткөн жылы эки кошуна 240 млн долларлык соода кылыптыр. Бул акыркы 20 жылдагы эң жогорку көрсөткүч. Мирзиёев аны жакынкы жылдары 500 млн долларга жеткирүүгө мүмкүндүк берчү потенциал бар деди.

Ал потенциалды бизге Тажикстан парламентинин төмөнкү палатасы, Мажлиси Намаяндагондун эл аралык комитетинин мүчөсү, депутат Саиджафар Исманов мындай чечмеледи:

- Мисалы, бизден ал жакка арзан айыл-чарба продукциясы кетет. А биз ал жактан газ алабыз. Бул Тажикстан үчүн эң маанилүүлөрүнүн бири. Сезон убагында электр энергиясын, минералдык жер семирткичтерди алса болот.Андан тышкары эки элдин бири бирине келип кетүүсүнүн өзүнөн эле акча түшөт. Алар куру кол келбейт да. Ошондой эле азыркы мүмкүнчүлүктөр майда ишкерчиликтин кеңейишине шарт түзөт. Өзбекстандын айыл-чарба, жеңил автоунаалары, электр жабдуулары биздин базарга кирип атат. Бухарадагы мунайды кайра иштетүүчү комбинаттын бензин, соляркасын ала алсак билесизби, импорттук күйүүчү майдын транспорттук жолу 3 миң чакырымга кыскарат.

Мындан тышкары, аймактагы суу ресурстарын сарамжалдуу жана калыс пайдалануу маселеси талкууланганын өзбек президентинин расмий сайты жазды.

“Ташкент бара-бара Дүйшөмбү менен бардык багыттар боюнча мамилесин өнүктүрөт”, - дейт Мирзиёев. Ал тажик президенти Эмомали Рахмонду Ташкентке мамлекеттик сапары менен келип кетүүгө чакырды.

2016-жылдын сентябрынан тартып Өзбекстанды башкара баштаган Шавкат Мирзиёев жогоруда белгилегендей, адегенде борборазиялык коңшулары менен мамилени жакшыртуу аракетинде.

Анын алгачкы чет өлкөлүк сапарын Түркмөнстандан баштаган. Былтыр сентябрда мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келген. Казакстанда ал эки ирет болду.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG