Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:39

Өзбек-тажик чек арасында “Каримов дубалы” бузулду


Тажик-өзбек чек арасындагы көзөмөл-өткөрмө бекет. Сүрөт 2010-жылы тартылган.
Тажик-өзбек чек арасындагы көзөмөл-өткөрмө бекет. Сүрөт 2010-жылы тартылган.

Өзбекстандын Самарканд облусу менен Тажикстандын Согди облусу чектешкен жердеги көзөмөл-өткөрмө бекетинде орнотулган дубал 18-февралда бузулган.

“Азаттыктын” өзбек кызматынын маалыматына караганда, жергиликтүү эл “Ислам Каримовдун” дубалы деп атап койгон коргонду алууга эки өлкөнүн чек арачылары катышкан.

Узундугу он, туурасы үч метр келген дубал 2010-жылы өзбек бийлигинин демилгеси менен тургузулган.

Тажикстандын бийлик өкүлдөрү “Саразм-Жартепа” көзөмөл-өткөрмө бекетинде мындан ары терминал, мейманкана, автотурук курула турганын маалымдашты.

Келерки айдын экинчи жарымында Тажикстанга Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев мамлекеттик иш сапары менен келип, эки тарап бир катар макулдашууларга кол койгону турат.

Шавкат Мирзиёев 2016-жылдын сентябрында бийликке келгенден бери коңшу өлкөлөр менен алака-катышты чыңдоо саясатын жүргүзүп келатат. (UE)

XS
SM
MD
LG