Линктер

дүйшөмбү, 19-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 02:27

Тажик-өзбек чек арасындагы "Гүлбахор" бекети ачылды


"Гүлбахор" чек ара бекети. 8-март, 2018-жыл.

7-мартта Тажикстандын Хатлон жана Өзбекстандын Сурхандарья облустарын байланыштырган "Гүлбахор" көзөмөл өткөрүү бекети ачылды. Тажикстандын түштүгүндөгү негизги жолдордун биринде жайгашкан бекет 2012-жылы жабылган.

Өткөрүү бекетинин ачылыш аземине чет өлкөлүк жана жеке маалымат каражаттарынын журналисттери катыштырылган жок.

Чек арачылардын айтымында, "Гүлбахор" бекети жөнөкөйлөтүлгөн тартипте иштейт – чек арага жакын жашаган жарандар коңшу өлкөдө расмий чакыруусуз жана туугандарынын телеграммасы жок эле беш сутка жүрө алышат.

1-марттан тартып тажик-өзбек чек арасындагы бир нече көзөмөл өткөрүү бекети ачылган. Алардын бири - Өзбекстандын Бекабад шаары менен чектешкен Спитаменск районундагы «Хаштьяк» бекети. Ал Хожент шаарынан 60 чакырым алыстыкта жайгашкан жана андан Ташкентке чейин унаа менен эки саатта жетсе болот. Ошол эле күнү Өзбекстандын Самарканд облусу менен чектешкен Пенжикент районундагы «Саразм-Жартепа», ошондой эле «Кушкент» жана «Учтурган» бекеттери ачылган.

Көзөмөл өткөрүү бекеттери Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Тажикстандагы алгачкы расмий иш сапарынын алдында ачылууда. Өзбек лидери Душанбеге 9-10-март күндөрү барат.

XS
SM
MD
LG