Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:43

ЕАЭБди коркуткан пантүркизм


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (9-16-июль).

Казакстанда пантүркизм идеялары улам жанданып, ошондой эле Нурсултан Назарбаевдин түрк дүйнөсүнө ыктоосу Евразия Экономикалык Биримдигинин бүтүндүгүнө шек келтирип жатканын "James Town Foundation" изилдөө борборуна журналист Фархад Шарип жазган.

Жакында эле сталиндик куугунтуктун курмандыгы болгон Магжан Жумабаевдин 125 жылдыгына карата ТҮРКСОЙдун курамындагы Түркия, Азербайжан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Орусиядагы түрк тилдүү республикалар катышкан ири салтанат өттү. Андан мурда президент Нурсултан Назарбаев Түштүк Казакстандагы Түркстан шаарын жаңылоону тапшырды.

"Пантүркисттик" идеяларын Назарбаев 2013-жылы Минскте Евразия Экономикалык Биримдигинин саммитинде билдирип, уюмга мүчө болууга Түркияны чакырып кыйытканы бар. Казак лидери "түркчүлдүгү" менен Москванын кыжырына көп эле тиет. Мисалы, 2012-жылы Мустафа Кемал Ататүрктүн "Түрк элдери бириксе дүйнөдөгү улуу күч болот" деген сөзүн айтып чыккан. Бирок пантүркизм аймакта кооз сөз бойдон эле калып жаткандай. Түркия менен Казакстандын ымаласы азыр өтө деле ысык эмес. Буга Бишкектеги айрым мектептердин тегерегинде эки бийликтин тил табыша албаганы себеп болуп жатат.

Учурда Түркиянын түрк тилдүү өлкөлөргө саясий таасири жок. Маданий, экономикалык гана орток кызыкчылыктары бар. Бирок пантүркизм жайылса, Кремл ЕАЭБдин бүтүндүгүнөн убайым тартып калышы ажеп эмес", деп эскертет Шарип.

Электрондук Жибек жолу

Кытайдын техникалык компаниялары "Бир алкак - бир жол " долбоорунун алкагында электрондук байланыш түйүнүн куруп жатышат. Бул түйүн эми Бээжиндин чалгын кызматынын башкы куралына айланышы мүмкүн, деп жазат CNBC. ​

Жаңы Жибек жолунун үлгүсү.
Жаңы Жибек жолунун үлгүсү.

"Жаңы Жибек жолун бойлото Кытайдын бийлиги оптикалык электрондук байланыш системасын пландоодо. Расмий документтерге караганда бул байланыш түрү соода-сатыкты өнүктүрүп, экономикага киреше алып келет. Бирок геосаясаттагы ролу Кытайга чалгын жүргүзүү менен катар үгүт-насаат машинесине да айланышы толук ыктымал" деп эсептейт CNBCнин баяндамачысы.

Мамлекеттик "China Mobile" компаниясы азыр Бээжин - Мьянма, Непал - Кыргызстан багытындагы оптикалык байланыш түйүндөрүн курууда. "Huawei" компаниясы Пакистан менен Кенияны байланыштырган электрондук каттам куруп, 5G өлчөмүндөгү Интернет тарката баштайт. Австралиядагы стратегиялык институттун адиси Элза Каня өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн Кытайдын бул планы "мыкты мүмкүнчүлүк" деп атады.

Кытай Казакстандагы инвестициясынан баш тартты

"Diplomat" журналы кытайлык CEFC компаниясы Казакстандын "Kazmunaigas International" (KMGI) ишканасынын акцияларын сатып алуудан баш тартканын кабарлады. 700 миллион доллардык келишим июлдун башында жокко чыгарылган. Мунун себебин кытайлык компания каржылык каатчылык менен түшүндүрдү.

Кытайдагы эң ири мунай сатуучу CEFC ишканасынын жетекчиси Йи Цианминге каршы февраль айында тергөө иштери башталып, ал кызматынан кеткенден бери Казакстанда гана эмес, Орусиянын "Роснефть" компаниясы менен 9 миллиард доллардык келишимин да токтоткон.

Мурдагы Советтер Союзунун аймагынан пайда табууну көздөгөн бул кытайлык компания 7 миллиард доллардык карызын төлөй албай кыйналып жатканын баяндаган автор Паоло Сорбелло CEFCнин өзүндө 30 миңдей кызматкер айлык ала албай иштен кеткенин кошумчалайт. "Казмунайгаз" эми өз активдерин "Shell" компаниясына сатууга камданууда.

"Мыктыларды мечит-чиркөөдөн издеш керек"

"Independent" гезити Британиядагы белгилүү университеттерде окуган студенттерде диний, улуттук ар түрдүүлүк сакталбай жатканын, ушундан улам окуу жайларынын кызматкерлери жана мугалимдери мечит, чиркөө сыяктуу диний жайларга тез-тез барып турушу керек экенин жазды. Англиянын Студенттер кеңсесинин жетекчиси Майкл Бэрбир Оксфорд, Кэмбриж сыяктуу эл аралык университеттер ар кайсы динди туткан студенттерди издебей, акыркы мезгилде билим деңгээлине көп басым жасап жатышканын сындады.

Оксфорд шаары, Англия
Оксфорд шаары, Англия

АКШнын жогорку окуу жайларынын тажрыйбасын мисал келтирген Бэрбир Калифорния мамлекеттик университетинин кызматкерлери жекшемби күндөрү чиркөөлөр менен мечиттерге барышарын, окууга ынтызар балдарды дал ошол сыйынуучу жайлардан издешерин айтат.

"Чыгыш Лондондо жума намаздарына ар түрдүү улуттардын өкүлдөрү толот. Мынчалык көп сыйынуучуну жекшемби күнү Ыйык Павел чиркөөсүнөн таба албайсыз. Мектеп, жергиликтүү жамааттар менен да тыгыз иш алып барып, Британиядагы окуу жайларында окугандардын ар түрдүүлүгүн камсыз кылышыбыз керек", - деп жазат Бэрбир.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG