Линктер

шаршемби, 26-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 08:39

Бишкек Анкаранын талабын аткарабы?


Түрк медиасы Анкара Кыргызстандын бийлигине "гүленчилердин" 130 кишиден турган тизмесин бергенин кабарлады. Түрк бийлигиндеги булактарга таянып жазган макалада Кыргызстанда жашап жүргөн "Гүлен" кыймылынын 13 мүчөсүн дароо өткөрүү талабы айтылган.

Түрк президенти Режеп Тайип Эрдоган Кыргызстанга сапарында Фетхуллах Гүлендин кыймылынын 130 мүчөсүнүн тизмесин кыргыз бийлигине бергени тууралуу түркиялык "Хүрриет" басылмасы жазып чыкты. Андагы маалыматка ылайык, аталган тизмеде Гүлен кыймылынын Кыргызстандагы активдүү мүчөлөрү, Борбор Азия боюнча имамы бар.

Басылма бул маалыматты түрк бийлигиндеги ишенимдүү булактарына шилтеме берип жазган. Макалада түрк бийликтери 130 адамдын ичинен кыймылдын жергиликтүү 13 лидерин Анкарага дароо өткөрүп берүү талабын койгону айтылат.

"Хүрриет" басылмасы Түркиянын коопсуздук органындагы аты аталбаган жетекчинин мындай сөзүн келтирген:

"Алардын аты-жөнү, дареги, иштеген иши алфавиттеги ирет боюнча көрсөтүлгөн. Башкача айтканда, алардын жашырып кетишине эч кандай жылчык калтырган жокпуз".

Мындай кабарды Түркиядагы бир нече маалымат каражаты жарыялады. Бирок түрк бийлиги айтып жаткан Кыргызстандагы "гүленчилер" кимдер экени, алардын аты-жөнү ачык айтылган жок. Алар Түркиянын жарандары экени гана белгилүү болду.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги түрк медиасындагы айтылган маалыматты бышыктаган жок. Министрлик өкүлдөрү бул боюнча азыр комментарий берилбей турганын билдиришти. Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги да президенттер ортосундагы болгон сөздү комментарийлөөгө укугу жок экенин айтып, андан баш тартты.

Негизи ушул апта башында Кыргызстанга расмий сапар менен келген Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган жолугушууларда "гүленчилердин" маселесин дембе-дем көтөрүп, кыргыз бийлигин чара көрүүгө чакырганы белгилүү. Эрдоган кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууда да, андан соң Чолпон-Атада өткөн Түрк тилдүү өлкөлөр кеңешинин саммитинде да Фетхуллах Гүлендин кыймылы бардык өлкөлөрдүн коопсуздугу үчүн коркунуч экенин эскерткен:

- Бүгүнкү жолугушууда ФЕТО менен күрөш жаатында жасалчу кадамдарды сүйлөштүк. Эгер чынында эле тууган болсок, биз башыбыздан өткөргөндөрдү туугандарыбыз да көрүшүн каалабайбыз. Бизде болгон төңкөрүш аракети Кыргызстанда болбосун. Булар аскер, полиция жана мамлекеттин бардык тармактарына кирип төңкөрүш кылат. Бир тараптан бул террордук уюм менен күрөшүп жатып Кыргызстан да ФЕТОну актуалдуу темалардын катарынан чыгарып, башка позитивдүү темаларга басым жасайт деп ишенем. Тажрыйбабызды ар дайым кыргыз туугандар менен бөлүшүп турабыз.

"Бийликтин чечими коомго жараша болот..."

Ошондуктан, түрк бийлиги Гүлендин кыймылынын мүчөлөрүн өткөрүү талабын коюшу мүмкүн экенин саясий илимдердин кандидаты Орозбек Молдалиев белгилейт. Эксперттин пикиринде, түрк тараптын мындай талабы күтүлгөн эле кадам болчу:

- 130 адамдын баары эле Түркиянын жарандары деген туура эмес го. Себеби, буга чейин айрым маалымат каражаттары дал ушул кыймылга тиешеси бар деп Кыргызстандагы бир нече адамдын аты-жөнүн жарыялаган. Алардын арасында депутаттар, өкмөттөгү айрым адамдар бар болчу. Ошондуктан Түркия тарап мындай талапты коё турганы белгилүү болчу. Бирок аларды экстрадициялоо маселеси абдан оор болот.

Орозбек Молдалиев.
Орозбек Молдалиев.

Эгер Түркиянын Гүлен кыймылынын мүчөлөрүн өткөрүү талабы тастыкталса, кыргыз бийлигинин кадамы кандай болот? Бул суроо Кыргызстандын жетекчилигин оор түйшүккө салышы мүмкүн экенин эксперттер белгилешет.

Орозбек Молдалиевдин баамында, бийликтин кадамы кыргыз коомундагы "гүленчилерге" мамилеге көз каранды:

- Бул жерде түрк жарандары болгон күндө деле коомчулуктун пикири абдан маанилүү. Мисалы, акыркы эле Монголиядагы абалды алалы. Ал жерде ушул сыяктуу бир түркиялык жаранды алып кетебиз деген Түркиянын атайын кызматтарына жарандык коомдун өкүлдөрү каршы чыгып, аэропортко чейин барды. Биздин бийлик деле жарандык коом, коомчулуктун маанайына карап, бер десе эле бере салбаса керек.

Эксперт эскерткен Монголиядагы окуя быйыл жайында болгон эле. Улан-Батордогу Гүлен кыймылына таандык делген мектептин директорун түрк атайын кызматы күч менен Түркияга алып кетүүгө аракет кылган учурда жергиликтүү тургундар ага каршы чыккан.

Абдывахап Нурбаев.
Абдывахап Нурбаев.

Ал эми Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин төрага орун басары Абдывахап Нурбаев "гүленчилер" боюнча чечимди бийлик Анкаранын басымы менен эмес, мыйзамда көрсөтүлгөн жол менен кабыл алышы керектигин айтууда:

- Бул жерде мыйзамдын талабы алгачкы орунда болуш керек. Эгер бизде эч кандай мыйзам бузбаса, укуктук мамлекет катары аны өткөрүү туура эмес. Эгер мыйзам бузса, ким болбосун өткөрүлүшү шарт. Кыргызстанды эл аралык коомчулук карап турат. Бир мамлекеттин басымы менен эмес, укуктук негизде кабыл алышы зарыл деген ойдомун.

Бишкек “гүленчилер” боюнча Анкарага жооп берди

Бишкек “гүленчилер” боюнча Анкарага жооп берди

Кыргызстанда иш алып барган эл аралык "Себат" билим берүү мекемеси Гүленге тиешеси бар экени айтылат. Аталган мекемеге таандык Кыргызстанда 15 чакты лицей-мектеп, бир университет жана маданий, кайрымдуулук жааттагы уюмдар бар.

Негизи эле "гүленчилер" акыркы эки жылда Кыргызстан менен Түркиянын мамилесиндеги башкы маселеге айланды.

2016-жылдын 15-июлунда Түркиядагы мамлекеттик төңкөрүш аракетинен соң расмий Анкаранын Гүлендин жолдоочуларына тыюу салуу өтүнүчүн четке какканы үчүн Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев менен түрк бийлигинин мамилеси бузулган. АКШда жашаган диниятчы Фетхуллах Гүленди Түркиянын азыркы бийлиги душман катары көрөт.

Кыргызстанда билим берүү жаатында иш алпарган "Сапат" (мурдагы "Себат") мектептери дал ушул Гүлендин жолдоочулары негиздегенин түрк бийлиги ырастап келет. Кыргыз өкмөтү буга чейин “Сапат” мектептери жабылбай турганын ачык ишара кылган. Мындан соң Түркия "Сапатка" альтернатива катары мамлекеттик "Маариф" фондунун мектептерин ачууну сунуштаган.

Президент Эрдогандын Кыргызстанга акыркы расмий сапары учурунда "Маариф" мектептерин ачуу боюнча меморандумга кол коюлганы белгилүү болду. Эми бул меморандумдун негизинде атайын келишим иштелип чыккан соң мектептер ачылышы мүмкүн.

Эрдоган "Сапаттын" ордуна "Маарифти" сунуштады
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:23 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG