Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:46

Түркиядагы студенттер Чубак ажыга кайрылуу жолдошту


Фетхулла Гүлен жана Чубак ажы Жалилов.
Фетхулла Гүлен жана Чубак ажы Жалилов.

Түркияда билим алып жүргөн жогорку окуу жайлардын жүздөгөн студенттери, магистрлери жана докторанттары Кыргызстандын экс-муфтийи Чубак ажы Жалиловго кайрылуу жасашты. Бул тууралуу “Азаттыкка” кайрылууну демилгелеген Түркияда эл аралык мамилелер жана дипломатия багытында магистрлигин жактаган Кубангазы Бугубаев билдирди.

Анын айтымында, Чубак ажынын АКШда бозгунда жүргөн диниятчы Фетхулла Гүлен менен жолугушуусу Түркияда билим алып жүргөн студенттердин жана мигранттардын тагдырын өзгөртөт.

Кайрылууда “Эки өлкөнүн мамилелерине кедерги тийгизе турган бул кадамыңыз миңдеген мекендештериңиздин тагдырын ар кандай багытка өзгөртүүгө себеп болуп калышы мүмкүн экендигин терең тынчсыздануу менен эскертебиз” деп айтылат.

Ага Алишер Имамов, Гиза Маматкулова, Чолпонай Кабылбек кызы, Иманбек Азизилла уулу баштаган 300гө чукул студент кол койгон.

Чубак ажынын Гүлен менен жолугушуусу коомчулукта кызуу талкууланып, Туркиянын Кыргызстандагы элчиси да нааразылыгын билдирип атайын билдирүү жасаган.

Жалилов өзү Гүлен менен АКШдагы он күндүк сапарынын алкагында кезиккенин "Азаттыкка" ырастап: "Сабактарына катышып, өзү менен баарлашып, үй-бүлөм үчүн, Кыргызстан үчүн бата алып келдим", - деп айткан. Интернеттин коомдук тармактарында Чубак ажынын Гүлен менен жолугушууга толук акысы бар экендиги тууралуу пикирлер да жарыяланууда.

Түркия бийлиги былтыр 15-июлда ишке ашпай калган мамлекеттик төңкөрүш аракетине учурда АКШда ыктыярдуу бозгунда жүргөн диниятчы Фетхулла Гүленди жана анын жолдоочуларын айыптаган. Түркияда "гүленчи" деген шылтоо менен он миңдеген кишилер кызматтан айдалган, далай кишилер абакта кармалууда.

Түркия Гүленди жалпы жонунан 2000 жылга абакка кесүүнү сунуштаган. Бирок АКШ Гүленге каршы дооматтардын жүйөөсү жетишсиз деп эсептеп, аны Түркияга өткөрүп берген эмес. Гүлен өзүнө коюлган доолорду негизсиз деп четке каккан. (BCh)

XS
SM
MD
LG