Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:19

БУУ Түркияны сындады


"Аскердик төңкөрүш аракетине катышы бар" деп айыпталгандар Анкаранын жанындагы сотко жеткирилген учур. 1-август, 2017-жыл.
"Аскердик төңкөрүш аракетине катышы бар" деп айыпталгандар Анкаранын жанындагы сотко жеткирилген учур. 1-август, 2017-жыл.

Улуттар Уюму Түркияны өзгөчө абал режиминен баш тартып, укук бузууну токтотууга чакырды. Ага катар БУУ бул өлкөдө 2016-жылдын жай айындагы аскердик төңкөрүш аракетинен соң камакка алынгандар абакта кириптер болгон кыйноону документтештирген баяндамасын да жарыялады. Анкара баяндамада айтылгандарды “бурмаланган” деп баалап, аны кабыл албай турганын билдирүүдө.

Түркияда өзгөчө абал тартиби 2016-жылдын 15-июлундагы аскердик төңкөрүш аракетинен кийин киргизилген. Андан бери жыйырма айдан ашуун убакыт өттү. Түрк өкмөтү өзгөчө абалдын мөөнөтүн утур-утур узартып келе жатат.

Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча кеңсесинин эсебинде, президент Режеп Тайип Эрдогандын өзгөчө абал тартиби киргизилгенден кийин чыгарган жыйырмадан ашуун жарлыгы кармалгандардын кыйноого алынышына, сот системасынын ишине кийлигишүүгө алып келди.

Абактагы укук коргоочуларды коргогон демонстрация. Стамбул, 25-октябрь, 2017-жыл.
Абактагы укук коргоочуларды коргогон демонстрация. Стамбул, 25-октябрь, 2017-жыл.

20-мартта БУУнун Женевадагы кеңсесиндеги жыйында Адам укуктары боюнча жогорку комиссардын расмий өкүлү Равина Шамсадасани өзгөчө абал учурунда Түркияда канча киши абакка түшкөнүн эске салды:

- Өзгөчө абал тартиби кирген он сегиз ай ичинде 160 миңдей киши камалды. 152 миңдей жарандык кызматкер ишинен бошотулду. Алардын көбү - мугалимдер, соттор, адвокаттар - иштен негизсиз эле алынып, кылмыш жоопкерчилигине тартылды. Журналисттер камалып, массалык маалымат каражаттары жабылды, интернет-сайттар тосмолонду. Түркияда жарыяланган өзгөчө абал өтө көп адамдын укугун одоно жана негизсиз чектөө үчүн колдонулганы анык.

БУУнун Адам укуктары кеңсеси 20-мартта Түркия боюнча жогорку комиссар Зейд Раад ал-Хусеиндин колу коюлган, 28 беттен турган баяндамасын да жарыялады. Документ түркиялыктар менен жүргүзүлгөн интервьюлардын негизинде даярдалган:

Равина Шамсадасани.
Равина Шамсадасани.

- Баяндаманын эң кооптондурган бүтүмдөрүнүн бири - маалыматтарга караганда, түрк бийлиги боюнда бар же жаңы эле көз жарган жүздөй аялды камакка алган. Алар террордук уюмдардын мүчөсү катары шек саналган күйөөлөрүнүн жакындары болгону үчүн гана кармалган. Айрымдары балдары менен кошо камалган, айрымдарын балдарынан күч менен ажыратышкан. Бул кыжыр кайнаткан, өтө эле катаал, өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылууга эч байланышы жок иш. Баяндамада абактагылар кабылган кыйноо, катаал мамиле, анын ичинде полиция, жандармерия, аскердик полиция, коопсуздук күчтөрүнүн ур-токмогу, зордуктоо менен коркутуусу, иш жүзүндө болгон жыныстык зомбулук, электр тогу менен уруп, сууга тумчуктурушканы документтештирилген, - деди БУУнун Адам укуктары боюнча комиссарынын өкүлү Равина Шамсадасани.

Улуттар Уюму өз баяндамасында Түркияга өзгөчө абал тартибин жоюп, мамлекеттик институттардын кадимкидей иштешин жана мыйзам үстөмдүгүн калыбына келтирүүнү сунуш кылган.

Бирок Түркиянын Тышкы иштер министрлиги бул сунушту дароо эле четке какты. Расмий Анкара БУУнун баяндамасын “бейтарап эмес, бурмаланган, жалган маалыматтарды камтыган” деп баалап, ал Түркия үчүн алгылыксыз экенин белгиледи.

Аскердик төңкөрүш аракетине катышы бар деп айыпталгандарды катуу жазалоону талап кылгандардын демонстрациясы. Анкара, 1-август, 2017-жыл.
Аскердик төңкөрүш аракетине катышы бар деп айыпталгандарды катуу жазалоону талап кылгандардын демонстрациясы. Анкара, 1-август, 2017-жыл.

Президент Режеп Тайип Эрдогандын бийлиги "2016-жылдагы аскердик төңкөрүш аракетинин артында турат" деп АКШда жашаган диниятчы Фетхуллах Гүленди айыптап келет.

Гүлен мындай дооматтарды көп жолу четке кагып, тескерисинче ал өзү аскердик төңкөрүштөрдөн эң көп жабыр тарткан адам экенин билдирген.

Аны АКШдан өткөрүп алгысы келген Анкаранын аракетинен майнап чыга элек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG