Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:38

Анкара "гүленчилер" коркунучун дагы эскертти


Дастан Жумабеков жана Бинали Йылдырым
Дастан Жумабеков жана Бинали Йылдырым

Бишкекте Түркиянын парламентинин төрагасы Бинали Йылдырым менен Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековдун жолугушуусу өттү.

Йылдырым Фетхуллах Гүлен жетектеген уюм Кыргызстан менен Түркиянын ортосуна көлөкө түшүрүп жатканын эскертти. Кыргыз тарап буга ушуну менен үчүнчү жолу кескин жооп берүүдөн карманды. Бирок мындай "сыпайы акыйнек” канчага чейин созулушу мүмкүн?

"Гүленчилер" жана Көзкаман

Кыргызстандагы расмий иш сапарынын алкагында Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Бинали Йылдырым Жогорку Кеңештин спикери Дастан Жумабеков менен алгач тар чөйрөдө жолукту. Андан соң тараптар парламент депутаттарынын катышуусунда кеңири курамда сүйлөшүү жүргүзүштү.

Тараптардын жолугушуусу.
Тараптардын жолугушуусу.

​Учурашуу, дипломатия жана достукка байланыштуу жалпы сөздөрдөн кийин түрк парламентинин спикери Йылдырым Фетхуллах Гүлен кыймылына байланыштуу кеп козгоду:

- Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы байланышка көлөкө түшүргөн бир маселе бар. Ал Түркиядагы төңкөрүш аракетин жасаган ФЕТО террордук уюму. Бул маселе боюнча Чыңгыз Айтматовдун тилинде бир мисал бере кетейин. Айтматовдун “Алар силер сыяктуу кийинет, силер сыяктуу сүйлөйт. Бирок өзүнүн мамлекетине чыккынчылык кылат. Өз элинин душмандарына кошулуп, өз улутуна каршы иштейт” деп жазганы бар. Бул каарманды "Манас" эпосунда Көзкаман деген аталыш менен да жолуктурууга болот. Бирок Көзкаман менен Маңкуртту чаташтырбаш керек. Маңкурт - бул акылынан айныган, эмне кылганын билбеген бир байкуш. Көзкаман болсо бардыгын билип туруп иш кылган чыккынчы. "Гүленчилер" дал ушул Көзкаман сыяктуу. Чыңгыз Айтматов аларды абдан жакшы билген жана насыят катары айткан экен. Кыргыз парламентинин төрагасы жана кыргыз президенти бул маселенин канчалык маанилүү экенин билет жана өз аракетин кылып жатат. Биз бул аракетиңизди кыргыз-түрк мамилесинде абдан маанилүү жана баалуу деп эсептейбиз. Аракетиңиз үчүн түрк элинин атынан ыраазылык билдирем, - деди Йылдырым.

Жолугушууда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков "гүленчилер" кыймылы жөнүндө бир жактуу ооз ачкан жок. Ал көбүнчө парламенттер аралык кызматташууну арттыруу, экономикалык алакалар жана социалдык темаларга гана басым жасады.

Жумабеков жыйын бүткөндөн кийин да журналисттерге сүйлөшүүдө жетишилген макулдашууларды айтуу менен гана чектелди:

- Жолугушуулар эки тарапка тең жемиштүү болду десек жаңылышпайбыз. Анткени, күнүмдүк маселелерден тышкары, маанилүү саясий-экономикалык жана маданий-гуманитардык алакалардын келечеги тууралуу кеңири сүйлөштүк. Бажы төлөмдөрү, Кыргызстанда өндүрүлгөн айыл чарба азыктарын Түркия Республикасына сатуу маселесине басым жасалды. Түркияда кыргыз жарандары көп. Андыктан, биздин мигранттардын укуктук абалын жакшыртуу жана эмгек визасын алуу шарттарын жеңилдетүү көйгөйү да көтөрүлдү. Ушул тушта Жогорку Кеӊеште Кыргызстандын өкмөтү менен Түркия өкмөтүнүн ортосундагы Социалдык камсыздоо жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору каралып жатат. Келишимге ылайык, эки өлкө өз аймактарында расмий түрдө иштеген мигранттардын эмгек стажы таанылып, пенсия төлөнө баштайт. Бул келишимди биздин парламент жакынкы аралыкта колдоп берет деген ойдомун.

Бинали Йылдырым жана Дастан Жумабеков.
Бинали Йылдырым жана Дастан Жумабеков.

​Бишкекке 6-декабрда келген Бинали Йылдырым бул күндөрү Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев менен да жолукту.

Өкмөттүн аппаратынын берген маалыматында, бул кездешүүдө саламаттык сактоо, билим берүү, айыл чарба жана соода-экономикалык кызматташуулардын тегерегинде гана сөз болгон.

Маселен, анда кыргыз өкмөт башчысы 2018-жылдын тогуз айында Кыргызстан менен Түркиянын товар жүгүртүү көлөмү 277 миллионду түзгөнүн айтты. Абылгазиев бул өткөн жылга салыштырмалуу 25% көп экенин айткан.

Йылдырым баштаган парламенттик делегация андан ары, 7-декабрда “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине зыярат кылып, Кыргыз-түрк "Манас" университетиндеги жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналган жыйынга катышты.

Үчүнчү ирет көтөрүлгөн маселе

Канткен күндө да Түркиянын бийлиги ушуну менен үчүнчү жолу мамлекеттик жогорку деңгээлдеги жолугушууларда Фетхуллах Гүлендин кыймылы боюнча маселе коюп жатат.

Быйыл апрелде Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Анкарага барган учурда да, сентябрда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Бишкекке келген учурда да түрк мамлекет башчысы аталган теманы козгогон.

Биринчисинде Жээнбеков ак же көк дебей кутулса, экинчисинде “гүленчилерге” караштуу “Себат” лицейи жарым-жартылай мамлекетке өткөрүлүп, “Сапат” деп өзгөртүлгөнүн билдирген. Кыргыз президенти “бул кыймылдын мүчөлөрү катуу көзөмөлдө” болот дегендей мааниде жооп кылган.

Бирок бул жолугушууларда жана андан кийин деле түрк бийлиги Кыргызстанда “Маариф” аттуу лицейлер тармагын ачарын жарыялап, “Сапаттын” мүлктөрүн ошого өткөрүп берүүнү суранып келет. Расмий Бишкек буга так кесе жооп айта элек.

Жылдыз Мусабекова
Жылдыз Мусабекова

Парламентарийлердин кеңири курамдагы жыйынына катышкан Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Мусабекова түрк тараптын "гүленчилерге" байланыштуу позициясы жумшарып баратат деп эсептейт:

- Түрк парламентинин төрагасы Бинали Йылдырым бизге өз пикирин анчалык деле таңуулаган жок. Кебезге орогондой, жылуу-жумшак “биздин душман силердин да душманыңар, биздин досубуз силердин да досуңар” дегендей мааниде кеп кылды. Биздин спикер деле “биз минтип салабыз” деген ашыкча нерсе айтпады, дипломатиянын тилинде гана сүйлөдү. Менин оюмча “гүленчилер” темасын жабыш керек эле. Анткени бул Түркиянын ички саясий маселеси. Анүстүнө биз аларга карайт делген “Себатты” “Сапат” кылып өзгөрткөнбүз. Менин жеке оюмда, булар душмандашууга, каршылашууга билим берген мекеме эмес. Ал жерде окуган балдар аябай жакшы билим, тарбия алып жатышканына күбөмүн. Ошондуктан бул маселеде Кыргызстан өз позициясында эле кала бергенин туура деп эсептейм. Бул жолку жолугушууда түрк тарап бул темага көп басым жасабагандыктан түрк бийлиги деле биздин турумду түшүндү окшойт деп калдым.

Ал эми бул окуяларга сырттан баа берген талдоочулар Фетхуллах Гүлен уюмунун айланасындагы кыргыз-түрк бийликтеринин “сыпайы акыйнек” саясаты узакка созулушунан күмөн санап турушат.

Эксперт Даниел Кадырбеков “жаман айтпай жакшы жок”, Кыргызстан тескери аракеттерге да даяр болушу керектигин эскертүүдө:

Даниель Кадырбеков
Даниель Кадырбеков

- Кезинде менмин деген Рим империясы кулаган, Византия кулаган. Түбөлүктүү режим болбойт, саясий режим бүгүн бар, эртең жок. Түркиянын азыркы бийлиги “гүленчилерди” “кууп чыккыла” деп талап кылып жатканы менен, эртең бул өлкөдө кайра “гүленчилер” бийликке келип калса эмне кылабыз? Ошондуктан бул маселеде биз өзүбүздүн улуттук кызыкчылыгыбызга шайкеш келген эле позицияда тура бергенибиз оң. Бирок биз бул кыймылга карата конкреттүү чара көрбөгөнүбүз үчүн Түркия кандайдыр бир аракеттерге барышы да мүмкүн. Мамилесин үзбөсө да, маселен виза, инвестиция же экономикалык маселелер менен шантаж кылышы ыктымал. Бул өлкөнүн азыркы бийлигинин кызуу кандуулугун эске алганда, мындан башка да катуу чараларга барып жибериштен кайтпай турганын билишибиз шарт. Статус-кво кармап турганыбыз менен ошондой соккуларга да даяр болушубуз керек.

​Түркияда 2016-жылы 15-июлда аскердик төңкөрүш кылуу аракети болуп, аны расмий бийлик "АКШда бозгунда жүргөн Фетхуллах Гүлендин тарапкерлери жасады" деп айыптап келет. Бул төңкөрүш аракетинде 250дөй адам каза тапкан. Гүлен өзү жана анын тарапкерлери бул дооматтарды четке каккан.

Мындан кийин түрк бийлиги диний аалым Фетхуллах Гүленге таандык деп эсептелген Кыргызстандагы билим берүү мекемелерин жабууну кыргыз бийлигинен талап кылган. Расмий Бишкек каршы жооп берген жана түрк лицейлери өлкөгө эч кандай коркунуч келтирбей турганын билдирген. Ошондон кийин сууй түшкөн эки өлкөнүн мамилеси Кыргызстанда жаңы президент келгенден кийин жылый баштаган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG