Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:12

Бишкек-Анкара: шайлоо алдындагы сапар


Кыргызстандын өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков Түркиянын премьер-министри Бинали Йылдырым. 9-август, 2017-жыл
Кыргызстандын өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков Түркиянын премьер-министри Бинали Йылдырым. 9-август, 2017-жыл

Өкмөт башчынын сапары Кыргызстан-Түркия алакалары салкындап турган учурга туш келди.

Кыргызстандын өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков 8-августта Түркиянын премьер-министри Бинали Йылдырым менен жолукту. Жолугушуу Анкарадагы Чанкая резиденциясында өтүп, эки тараптуу кызматташуу талкууланды.

Кыргыз премьер-министри Стамбулда Манастын эстелигинин ачылышына катышып, диаспора өкүлдөрү менен да кездешти. Өкмөт башчыны тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, Түркиядагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчи Ибрагим Жунусов, маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков жана билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева коштоп жүрдү.

Манастын эстелиги ачылды

Сооронбай Жээнбеков Манастын эстелигинин ачылышында сөз сүйлөп, түрк элине ыраазычылыгын билдирди:

- 1991-жылы Кыргызстан эгемендик алгандан бери Түркия бизге боордоштук жардамын аябай келатат. Туруктуу өсүп жаткан экономикасы менен дүйнөгө таанылган Түркия боордош жана тектеш элдерге экономикалык, саясый, маданий-руханий жактан колдоо көрсөтүп жатканын биз эч качан унутпайбыз! Эки элдин ынтымагы карт тарыхтын барактарында сакталып калган. Түрк эли бир нече жолу кыргыздарга арналган эстеликтерди ачкан. Биринчиси – 11-кылымда Изник шаарындагы кыргыздардын күмбөзү болсо, экинчиси – Элазык шаарындагы кичи районго кыргыз элинин атактуу уулу Чыңгыз Айтматовдун ысымы берилген. Мына бүгүн Айкөл Манас атабыздын эстелиги Стамбул шаарына орнотулуп жатат.

Манастын эстелигин ачуу учурунда.
Манастын эстелигин ачуу учурунда.

Премьер Кыргызстан менен Түркиянын кызматташтыгы мындан ары да бекемделип, жогорку деңгээлге жетерине ишенимин да билдирди​.

Жээнбеков премьер-министр катары Түркияга алгачкы жолу барды. Серепчилер Жээнбековдун сапары эки өлкөнүн мамилесин жибитет десе, айрым талдоочулар шайлоо алдындагы упай топтоо жана саясий колдоо алуу аракети катары баалап жатышат. Жээнбековду бийликтеги Социал-демократтар партиясы 15-октябрдагы президенттик шайлоого талапкер кылып көрсөткөн.

Алдыда президенттик шайлоо

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков шайлоо алдындагы бул визитти Түркиянын саясий элитасы менен байланыш түзүү аракети деп эсептейт:

Cый катарында өкмөт башчы барганда, өзгөчө түрк туугандардын президенттери адатта кабыл алып келген. Эрдоган мырза кабыл албагандан кийин анда бул визитти болбой калды деп айтсак болот.
Равшан Жээнбеков

- Биринчи максат премьер-министр катары кыргыз-түрк мамилелериндеги оор маселелерди чечүү эмес, Түркиянын саясий элитасы менен учурашып, алака түзүп, кандайдыр бир байланышты баштоо болуп эсептелет. Ошол аркылуу президенттик шайлоодо упай топтоо кызыкчылыгы жана ошол аркылуу пиар жасоо, мына Түркия жакшы кабыл алды, бизди тааныйт деген маани жатат. Бирок премьер-министр гана кабыл алып, түрк президентинин кабыл албаганы бул маанилүү көрсөткүч. Чоң маселени чечпесе дагы сый катарында өкмөт башчы барганда, өзгөчө түрк туугандардын президенттери адатта кабыл алып келген. Эрдоган мырза кабыл албагандан кийин анда бул визитти болбой калды деп айтсак болот.

Мындай пикирге Кыргызстандын Түркиядагы мурдагы элчиси Мамбетжунус Абылов кошулбайт. Ал кыргыз-түрк мамилелери такыр эле тескери карашып кеткендей абалда эместигин жана Түркия бийлик башына ким келсе иштешүүгө даяр экенин айтты:

- Түрктөр өздөрү кыргыздар биздин бабаларыбыз деп жакшы көрөт. Мен элчи болуп турганда мурдагы президент Курманбек Бакиев шайлоого катышып жаткан. Ошондогу оппозиция Түркияга барып, ал кездеги президент Абдулла Гүл менен жолугушууну суранган экен. Ошондо мени Түркиянын мамлекет башчысы чакырып "биз бир тууган элбиз, бийлик башына ким келсе иштейбиз. Бир жагына кыйшайып тарткан бизге туура эмес. Бир тууган элбиз, Кыргызстандын тынчтыгы керек. Бизди кыргын салып жатат деп дагы, жардам берет деп дагы ойлобосун", - деп айткан.

Түркиядагы Манастын айкелинин ачылышы. 9-август, 2017-жыл
Түркиядагы Манастын айкелинин ачылышы. 9-август, 2017-жыл

Буга чейин Жаш ишкерлер ассоциациясынын координатору Руслан Акматбек "Азаттык" менен маегинде кыргыз-түрк президенттеринин "таарынычы" ишкер чөйрөгө да таасирин тийгизип жатканын белгилеген.

Саясат талдоочу Бекбосун Бөрүбашев премьер-министр өзүнүн ыйгарым укуктарына ылайык экономика, туризм меселелерин чечип келсе деген оюн ортого салды.

- Чындыгында Түркияда кыргыздар абдан көп. Жакында маалымат каражаттардын биринен мигранттар арасынан кыргыздар экинчи орунда турат деп уктум. Алар кыйналса да бай тажрыйбаны топтошту. Ошону өзүбүзгө пайдалансак жакшы болот эле. Мисалы, ал жакта жеңил өнөр жай, туризм абдан жакшы өнүккөн. Ошону Кыргызстанга келип пайдаланышса биздин өлкө да өнүгөт эле.

Шайлоо алдында саясатчыларды башка өлкөлөрдүн президенттери, өкмөт башчылары менен жолугушуп, аларды үгүткө колдонгон учурлар кездешип жүрөт.

8-августта өкмөт башчы Сооронба Жээнбеков Стамбул шаарында кыркка жакын мекендештерине келип учурашты. Мигранттар, ишкерлер жана студенттер бир катар талылуу маселелерди көтөрүштү. Студенттер түрк дипломдорунун Кыргызстанда таанылбай жатканы тууралуу айтышса, мигранттардын дагы бир көйгөйү медициналык камсыздандоого байланышкан суроолор да берилди.

Мекендештер менен кездешүү

Түркиянын Анадолу университетинин магистранты Элиза Шаева өкмөт башчы менен жолугууга атайын Стамбул шаарына келген. Анын суроосу Түркияда билим алган студенттердин жалпы көйгөйүн камтыйт.

- Биз Түркиядагы студенттер Кыргызстанга барганда дипломубуз таанылбай кыйналып келебиз. Кайрадан Илимдер академиясына барып, дипломубузду которуп, жактаганга туура келет. Эки өлкө ортосундагы бюрократиялык келишпестиктердин айынан Түркиядан бүтүрүп баргандар мамлекеттик университеттерде иштей албайбыз.

Премьер-министр менен жолугушууга келген кыргызстандыктар.
Премьер-министр менен жолугушууга келген кыргызстандыктар.

Элизанын суроосуна премьер менен жолугушууга чогуу келген билим берүү министри Гүлнара Кудайбердиева "Бул маселе боюнча Билим берүү министрлиги мыйзам долбоорду парламентке сунуштады. Сентябрда депутаттар келгенде кароого берилет. Менимче, бул долбоор өтөт деп ойлойм" - деп жооп узатты.

Азыркы тапта Түркияда 2000ге жакын кыргызстандык билим алат. Ал эми буга чейин үч жарым миңден ашуун студент түрк окуу жайларынын дипломдорун алган. Тилекке каршы Түркиядан алынган дипломдор Кыргызстанда дагы деле таанылбай келет.

Ал эми Аделя Стамбулда төрт жылдан бери үй кызматында иштейт. Ал жолугушууда Түркияга иш издеп келип, запкы жеген кыздардын көйгөйүн көтөрдү:

- 18 жашка жете элек кыздар Түркияга иштегени көп келип жатышат. Запкы көргөндөр дагы бар. Биз муну менен сыймыктанбашыбыз керек. Бул мамлекет үчүн чоң көйгөй деп ойлойм. Өкмөт 18 жашка жете элек кыздардын өлкөдөн чыкпоосу үчүн бир чара көрөт го деп ойлойм.

Премьер суроого жооп берип жатып, жаш кыздарды өлкөдөн чыкпасын деп чектөөгө мыйзам жол бербей турганын эскертти:

- 18 жаштагы кыздарга тийиштүү мыйзам жок, болушу мүмкүн эмес. Анткени окуйм деген кыздар бар, ата-энеси чет өлкөдө жүргөндөр бар дегендей. Бир жаман нерсе менен көп жакшы нерсени токтотуп коюшубуз мүмкүн.

Өкмөт башчы менен жолугушууга келгендер.
Өкмөт башчы менен жолугушууга келгендер.

Түркияда жалпысынан 14 миңге жакын кыргызстандык жашаары расмий айтылса, бейрасмий сан 25 миңден көп экени белгиленип жүрөт. Алардын басымдуусу үй кызматында иштеген кыз-келиндер. Негизинен кыргызстандыктар Стамбул, Анкара, Анталия сыяктуу чоң шаарларда жашап, эмгектенишет.

Түркия Кыргызстан эгемендик алгандан кийин дипломатиялык алакаларды түзгөн алгачкы мамлекеттердин катарына кирет. Кыргызстан эгемендик алгандан тарта Түркия менен алакасы жакшы болуп келген. Бирок акыркы пикир келишпестиктерден улам эки өлкөнүн алакасы соңку 25 жылдагы эң начар абалда деп мүнөздөгөндөр бар.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG