Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:11

Жеңиш Молдокматовдун баш коргоо чарасы каралып жатат


Жеңиш Молдокматовдун тарапташтары Бишкек шаардык сотунун алдында.
Жеңиш Молдокматовдун тарапташтары Бишкек шаардык сотунун алдында.

Биринчи май райондук сотунун чечими менен эки айга камалган саясатчы Жеңиш Молдокматовдун баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча жактоочуларынын арызын Бишкек шаардык соту карайт.

Учурда шаардык соттун алдында анын ондогон тарапташтары митинг өткөрүүдө.

Оппозициялык саясатчы Жеңиш Молдокматов Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен эки айга камалган.

Милиция Молдокматовго алгач былтыр октябрь окуяларында УКМКнын имаратын басып алууга аракет кылган деген айып таккан. Кийин беренени өзгөртүп, октябрь окуяларында массалык башаламандык уюштурган деген кине койгон.

Молдокматов өзүнүн камалышын саясий куугунтук катары баалаган. Ал президент Садыр Жапаровдун саясатын кескин сындап келет.

Былтыр 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгынан улам нааразылык чыгып, 5-6-октябрь күндөрү калайман тополоң болгон жана ал бийлик алмашуу менен аяктаган. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG