Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:37

Майыптыгы бар балдардын саны 32 миңден ашты


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Кыргызстанда 32 миңден ашуун майып бала бар. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети тараткан маалыматта айтылат.

18 жашка чейинки балдар ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жалпы адамдардын 16,5% түзөт.

Статистикага ылайык, жыл сайын төрт миңдей балага майыптык макамы берилет.

Кыргызстанда 2019-жылдан тарта майып балдарды карагандарга айына 4900 сом өлчөмүндө айлык төлөнө баштаган. Долбоорду ишке ашырууга мамлекеттик бюджеттен бир жылга 420 миллион сомдун тегерегинде акча каралган.

Учурда төрт миңдей гана майыптыгы бар баланы карап-баккандарга акча төлөнүп жатканы маалым болду. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG