Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:44

Улуттук банк: Экономикада позитивдүү белгилер байкала баштады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын экономикасында алгачкы позитивдүү белгилер байкала баштаганын Улуттук банк 1-июнда кабарлады.

Өлкөнүн башкы банкы эсептик ченди 6,5% деңгээлинде калтыруу тууралуу чечим кабыл алынганын, дүйнө жүзүндө жана Кыргызстандын соода боюнча өнөктөш өлкөлөрүндө экономикалык активдүүлүк, соода-логистикалык жолдор калыбына келгени байкалып жатканын билдирди.

“Кыргызстандын экономикасында активдүүлүк акырындап калыбына келишинин алкагында алгачкы позитивдүү белгилер байкалууда: 2021-жылдын январь-апрель айларында “Кумтөрдү” эске албаганда реалдуу ички дүң өнүм 1,1% түздү” деп айтылат Улуттук банктын билдирүүсүндө.

Эсептик чен – башкы банктын коммерциялык банктарга насыя берүү чени. Бирок ал Кыргызстанда дээрлик иштебей турганын адистер белгилеп келишет.

2020-жылы Кыргызстанда экономиканын төмөндөшү 8,6% болгонун Улуттук статистика комитети жарыялаган. Коронавирус пандемиясына байланыштуу былтыр экономикалык ишмердүүлүккө бир топ убактылуу чектөөлөр киргизилген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG