Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:15

УКМК Момбеков суракка чакырылганын төгүндөдү


Рыскелди Момбеков. 2019-жыл
Рыскелди Момбеков. 2019-жыл

Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматы (УКМК) Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков суракка чакырылбаганын билдирди.

Бирок Рыскелди Момбеков УКМКнын кызматкери 31-май күнү "суракка чакыруу кагазын берем" деп телефон чалганын "Азаттыкка" билдирди. Момбековдун айтуусунда, Ички иштер министрлигинин 10-бөлүмүнүн кызматкерлери анын бир тууган жээнинин үйүнө издеп барган.

"Сизди таппай жатабыз, суракка чакыруу кагазын бермекпиз деп кечинде телефон чалган. УКМК менин дарегимди билбей калышыңар мүмкүн эмес, жээнимдин үйүнө чейин издеп барыпсыңар деп дарегимди айткам. Ошол бойдон келишкен жок", - деди Момбеков.

Телефон чалган УКМКнын кызматкери сурак Кумтөр иши боюнча болорун айткан. Рыскелди Момбеков ал тууралуу эмнеге суракка чакырылып жатканын түшүнбөй турганын айтат.

"Коллегаларыңыздын баары Кумтөр боюнча суракка чакырылып жатат, ошол боюнча сурайбыз деди. Жогорку Кеңештин 5-чакырылышында болбосом, 2009-жылкы келишим түзүлүп жатканда оппозицияда жүрсөм, анан кандайча Кумтөрдүн ишине аралашып калганымды өзүм дагы түшүнбөй жатам. Асылбек Жээнбековдун жактоочусу айтпадыбы, 2012-жылы Садыр Жапаровду колдобой койгону үчүн камап жатат деп. Мени деле Акылбек Жапаровду колдобой койгонум үчүн чакырган болушу мүмкүн. Кумтөр алтын кенин текшерүү комиссиясынын корутундусуна карата өзгөчө пикирим өзгөчө адамдарга жакпай калышы мүмкүн".

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков Кумтөр алтын кенин текшерүү боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын мүчөсү. Комиссиянын корутундусу Жогорку Кеңештин талкуусуна чыкканда Момбеков өзгөчө пикир менен чыккан.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кармалган мурдагы жана азыркы бир нече аткаминерлерге Кумтөр ишине байланыштуу айып койду.

Козголгон кылмыш ишинин негизинде 31-майда Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков, экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов менен мурдагы депутаттар Исхак Пирматов жана Талантбек Узакбаев кармалган. Дагы бир мурдагы өкмөт башчы Игорь Чудинов бул иш боюнча күбө катары көрсөтмө берип чыкты. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG