Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:44

УКМК: Инандыны кылмыштуу топтор уурдайт деген маалымат болгон


Улуттук коопсуздук комитети (УКМК)
Улуттук коопсуздук комитети (УКМК)

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) "Сапат" билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандыга 2019-жылы айрым уюшкан кылмыштуу топтор аны акча талап кылыш үчүн уурдашы мүмкүн экендиги тууралуу эскертилгенин билдирди.

“2019-жылы айрым уюшкан кылмыштуу топтор Орхан Инандыны акча талап кылуу максатында уурдашы мүмкүн деген маалымат түшүп, “Адамды уурдоо” беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Иликтөөнүн жүрүшүндө Инандыга уурдоо коркунучу бардыгы кабарланган. Коопсуздук органдары Инандыга жеке жансакчы алуу сунушун берген", - деп айтылат атайын кызмат тараткан билдирүүдө.

Улуттук коопсуздук комитети аталган кылмышты жасагандарды табуу үчүн Ички иштер министрлигине ар тараптуу жардамдашып жатканын кабарлады.

Орхан Инандынын эшиги ачык турган машинеси 1-июнга караган түнү таңга жуук өзү жашаган үйдүн короосунан табылган. Милицияга арызды анын уулу жазып, акыркы жолу атасы байланышка 31-майда кечинде чыкканын, ошо бойдон дайынсыз экенин билдирген.

Президент Садыр Жапаров Орхан Инандыны издөө иштерин күчөтүүнү жана кошумча күч тартууну тапшырган. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG