Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:11

Жапаров Инандыны издөө үчүн кошумча күч тартууну тапшырды


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандагы "Сапат" билим берүү мекемесинин ээси экени айтылып жүргөн Орхан Инандыны издөө иштерин күчөтүүнү жана кошумча күч тартууну тапшырды. Бул тууралуу 1-июнда президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, "Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) жана Ички иштер министрлигине (ИИМ) Кыргызстандын жараны Орхан Инандынын кайсы жерде экенин аныктоо боюнча тиешелүү издөө иш-чараларын жүргүзүүнү тапшырды".

Инандыны издөө үчүн милициянын ыкчам тергөө тобу түзүлгөнүн, анын курамына тажрыйбалуу тергөөчүлөр жана ыкчам кызматкерлер киргенин Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлаган.

Орхан Инандынын эшиги ачык турган машинеси 1-июнга караган түнү таңга жуук өзү жашаган үйдүн короосунан табылган. Милицияга арызды анын уулу жазып, акыркы жолу атасы байланышка 31-майда кечинде чыкканын, ошо бойдон дайынсыз экенин билдирген.

Кыргызстанда 20дан ашуун "Сапат" жеке лицейинин, "Ататүрк-Алатоо" университетинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инанды теги түркиялык, бирок Кыргызстандын жарандыгын алган.

2016-жылы Түркиянын бийлиги диний аалым Фетхуллах Гүленге таандык деп эсептелген билим берүү мекемелеринин ишин токтотууну Кыргызстандан талап кылган. Расмий Бишкек түрк лицейлери өлкөгө эч кандай коркунуч келтирбей турганын билдирген соң эки мамлекеттин мамилеси сууй түшкөн. 2017-жылы Кыргызстанда 1992-жылдан бери иштеп келе жаткан «Себат» билим берүү мекемелери бийликтин чечими менен «Сапат» болуп өзгөргөн.

2018-жылы Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын 1-сентябрда Кыргызстандагы расмий сапарынын жүрүшүндө «Маариф» фонду менен кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюлган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG