Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:48

Камактагы депутат Асылбек Жээнбековдун адвокаты билдирүү таратты


Асылбек Жээнбеков. Архив.
Асылбек Жээнбеков. Архив.

Эки айга камалган Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбековдун жактоочусу Давран Касымов билдирүү таратты. Анда Жээнбековго козголгон кылмыш иши саясий өңүттө деп мүнөздөлгөн.

“Асылбек Жээнбеков төрага катары регламенттин чегинде гана иш алып барган. Жогорку Кеңештин төрагасы мыйзам чыгаруучу орган тарабынан коллективдүү кабыл алынган чечимдери үчүн жоопкерчиликке тартылбайт. Баардык чечимдер добуш берүү аркылуу кабыл алынган. Кумтөр боюнча токтом кабыл алынып, өкмөткө жөнөтүлгөн, парламенттин миссиясы ошону менен бүткөн”.

Касымов Биринчи май райондук сотунун чечимине каршы шаардык сотко даттанарын, Асылбек Жээнбековду колдоо митинги болбой турганын билдирди.

Жээнбеков 2011-2016-жылдары Жогорку Кеңештин төрагасы болгон.

31-майда ал жана дагы бир депутат Төрөбай Зулпукаров эки айга, экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов менен мурдагы депутаттар Исхак Пирматов жана Талантбек Узакбаев 48 саатка камалды. Дагы бир мурдагы өкмөт башчы Игорь Чудинов бул иш боюнча күбө катары көрсөтмө берип чыкты.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кармалган мурдагы жана азыркы аткаминерлерге Кумтөр ишине байланыштуу айып койду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG