Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:08

COVID-19: Кыргызстанда 80 миңден ашуун адам эмделди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөөдөн 80 миңден ашуун адам өттү. Бул тууралуу бүгүн 1-июнда Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди:

"Вакцинанын биринчи дозасын 83 миң 685 адам, ал эми экинчи дозасын 35 миң 585 адам алды. Эмдөө уланып жатат”.

Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө өнөктүгү март айынын этегинде башталган. Каалоочуларга акысыз негизде орусиялык "Спутник V" жана Кытайдын Sinopharm вакциналары сайылып, дээрлик аяктап калды.

Июнь айында Asrta Zeneca вакцинасынын 210 миң дозасы COVAX программасынын алкагында келери, ошондой эле Кытай жана Орусиядан да вакцина алуу макулдашылып жатканы айтылган.

Кыргызстанда коронавирус катталган 2020-жылдын март айынан бери 1800дөн ашуун киши илдеттин курмандыгы болду. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG