Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:31

Коронавирустан дагы алты адам каза болду, 358 бейтап жаңы катталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 2-июндагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул илдеттен алты адам каза болду. Көз жумган бейтаптардын төртөө Бишкекте. Чүйдө жана Ысык-Көлдө бирден бейтап көз жумду.

Жалпысынан өлкөдө коронавирустан каза болгондордун расмий саны 1821 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 358 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (163) жана Чүй облусунда (64).

Өлкөдө оору жуккандардын расмий катталган саны 105 469 адам болду.

Бир күндө 302 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканаларда 1660 адам жатат, дагы 1782 бейтап үйдөн дарыланууда.

Кыргызстанда 2020-жылдын март айында башталган коронавирус эпидемиясы июль айында курчуп, көп киши каза болгон. Сентябрдын башында каза болгондор катталбай калган. Оорунун экинчи толкуну октябрда башталып, быйыл жазында вирусту жугузуп алгандардын саны кыйла азайган жана күнүнө 30га жетпеген бейтап катталып жаткан. (RK)

XS
SM
MD
LG