Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:13

COVID-19га каршы эмделген туристтер Кыргызстанга тоскоолдуксуз кире алат


Вируска каршы вакцина.
Вируска каршы вакцина.

Кыргызстанга 2021-жылдын жайкы туристтик мезгилине чет өлкөнүн коронавируска каршы эмделген атуулдары тоскоолдуксуз кирип, эс ала алышат.

Бул тууралуу Экономика жана финансы министрлигине караштуу Туризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематова кабарлады. Анын айтымында, 2020-жылдан бери туристтердин өлкөдөгү жүрүүсүнө байланыштуу санитардык нормалар менен бекитилген төртүнчү алгоритм даяр болду.

Азыркы тапта Тышкы иштер министрлиги менен бул алгоритмди расмий бекитип, "Манас" эл аралык аба майданына жиберүүнү пландап жатышат.

"Жаңы санитардык нормаларга ылайык коронавируска каршы эмделген чет өлкөлүк туристтер бүгүнкү күндө эч кандай тоскоолдуксуз кире алышат. Ошондой эле биздин ички туристтер да эмделген болсо эс алуучу жайларда ээн-эркин жүрүсө болот", - деди Кенжематова.

Сырттан келгендерден буга чейин коронавирустун жоктугун далилдеген ПЧР анализ талап кылынып келген. Бирок аталган департамент 2020-2021-жылдары туризм тармагы олуттуу чыгымга учурап, мурда пландалган иш чаралар аткарылбай калганын белгиледи.

Кыргызстанда коронавирус 105 111 адамга жугуп, 1815 бейтап каза болду. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG