Саясатчыларга жеткен Кумтөр чыры
31-майда Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров эки айга камалды. Экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов менен мурдагы депутаттар Исхак Пирматов жана Талантбек Узакбаев 48 саатка кармалды. Дагы бир мурдагы өкмөт башчы Игорь Чудинов бул иш боюнча күбө катары көрсөтмө берип чыкты. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кармалган мурдагы жана азыркы аткаминерлерге Кумтөр ишине байланыштуу айып койду. Социалдык түйүндөрдө бул соңку кадамдарды айрымдар “саясий эрктин үлгүсү” деп сыпаттаса, башкалары “саясий шоу” деп сындап жатышат.Студиянын коноктору – Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов, “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев, Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев жана Жогорку Кеңештин мурдагы вице-спикери Кубанычбек Исабеков.
Чыгарылыштар
-
Апрель 30, 2026Евробиримдиктин санкциясы Кыргызстанга эмнеге кооптуу?
-
Апрель 29, 2026Ташиевге кылмыш иши козголду. Окуя кандай өнүгөт?
-
Апрель 22, 2026Күч органдары ачык-айкындуулук менен адискөйлүктөн алыспы?
-
Март 16, 2026Ташиевдин отставкасынан кийинки саясий жүрүштөр
-
Февраль 26, 2026Жогорку Кеңештеги жүрүш: үч депутат мандатын тапшырды