Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:37

Ташиев: Кумтөргө байланыштуу соңку камоолордо саясий куугунтук жок (видео)


Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Кумтөргө байланыштуу тергелип жаткан кылмыш ишинде саясий себеп жок деп эсептейт. Бул тууралуу ал бүгүн 2-июнда Жалал-Абаддагы иш сапары учурунда журналисттердин суроосуна жооп берип жатып айтты:

“Эч кандай саясий куугунтук, жердешчилик маселеси жок. Ошол окуяга кимдин тиешеси болсо кылган кылмышына жараша жазага тартууга милдеттүүбүз. Ошол милдетибизди аткарып жатабыз. Кумтөр алтын кенин акыркы 25 жылдан бери талап-тоноп, анын тегерегинде интрига уюштурушуп, биздин аткаминерлер жетеленме болуп калганын элибиз көрдү. Мындан ары андай болбойт”.

"Кумтөр" долбоорун ишке ашыруунун ар кыл этаптарындагы коррупция боюнча кылмыш иши тергелип, мекеме аралык топ шектүүлөрдү аныктоо ишин жүргүзүп жатканын УКМК 31-майда билдирген. Ошондон бери бир катар мурдагы жана азыркы депутаттар, жетекчилер камакка алынууда.

Кармалгандардын тарапкерлери алардын күнөөсү жоктугун айтып, саясий куугунтук жүрүп жатканын белгилеп, нааразылык акцияларын уюштуруп жатышат. (TB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG