Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:57

Кытайдын Алматыдагы консулдугунун алдындагы акцияга балдар да кошулду


Эл аралык балдар күнүндө 20га чукул адам Кытайдын Алматыдагы консулдугунун алдына нааразылык акциясына чыгышты. 1-июнь, 2021-жыл.
Эл аралык балдар күнүндө 20га чукул адам Кытайдын Алматыдагы консулдугунун алдына нааразылык акциясына чыгышты. 1-июнь, 2021-жыл.

Эл аралык балдар күнүндө 20га чукул адам Кытайдын Алматыдагы консулдугунун алдына нааразылык акциясына чыгып, Шинжаңдагы туугандарын бошотууну талап кылышты. Алардын арасында балдарын ээрчитип алыскы райондордон келгендери да болду. Айрым балдар колдоруна Шинжаңдан кайтпай калган ата-энелеринин сүрөттөрүн көтөрүп турушту. Акциянын катышуучуларына полиция кызматкерлери көз салып жатышты.

Ал эми жергиликтүү бийликтин өкүлү адаттагыдай эле пикет "мыйзамсыз" экенин эскертти.

Кытайдын Алматыдагы консулдугунун алдында нааразылык акциясы уюштурулуп жатканына 114 күн болду. Төрт айдан ашуун убакыттан бери аларга кытай дипломаттарынын бири да чыккан жок.

Пикетке чыккандар Кытай бийлиги Шинжаңдагы туугандарын негизсиз айыптап, "саясий тарбиялоочу лагерлерге" камап, кээ бирөөлөрүнүн документтерин тартып алып, тышка чыгарбай жатканын билдиришти. Алар расмий Бээжинди "казактар менен уйгурларды кырып жатканы үчүн" айыпташып, ошону менен катар Казакстан бийлигин дагы чек аранын ары жагындагы "казактардын тагдырына" көз жумуп жатканына нааразылыгын билдиришүүдө.

Өткөн айда консулдуктун алдына чыккандардын айрымдарына айып пул салынган.

Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунда уйгур, казак жана кыргыздар сыяктуу мусулман жамааттарынын 100 миңдеген өкүлдөрү "саясий тарбия берүүчү лагерлер" деп атыккан жайларга негизсиз камалып жатканы 2017-жылдан бери кабарланып келет. Бээжин мындай дооматтарды четке кагууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG