Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:56

Президенттик администрация башчысынын орун басары алмашты


Улукбек Карымшаков менен Медербек Сатыев.
Улукбек Карымшаков менен Медербек Сатыев.

Экономика жана финансы министрлигинен бошотулган Улукбек Кармышаков президенттин администрациясынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров 1-июнда кол койду.

Буга чейин президенттин администрациясынын биринчи орун басары болуп Медербек Сатыев иштеп келген. Ал бул кызматка октябрь окуяларынан кийин дайындалган. Сатыев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу деген түшүндүрмө менен кызматтан алынды.

Ал 2013-жылы Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев, Талант Мамытовду актаган соттук коллегиянын мүчөсү.

Улугбек Карымшаков Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Экономика жана финансы министри болчу. Бул кызматка 1-июнда Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров дайындалды. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG