Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:39

Кара-Кулжада Асылбек Жээнбековду колдоо штабы түзүлдү


Кара-Кулжа районунун борбору.
Кара-Кулжа районунун борбору.

Кара-Кулжа районунун Бий-Мырза айылында Жогорку Кеңештин камактагы депутаты Асылбек Жээнбековду колдоо штабы түзүлдү. Бул тууралуу райондук адмнистрациядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 1-июнда Кара-Кулжа районунун борборунда 100дөн ашуун жарандын катышуусунда тынчтык митинги болуп, акциянын катышуучулары район жетекчилиги менен жолугушкан. 2-июнь күнү да митинг өткөрүү боюнча Кара-Кулжа райондук адмнистрациясына билдирүү келип түшкөн. Мындан сырткары район борборуна боз үй тигүүгө да уруксат алышкан.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев 2-июнда Кара-Кулжа районунда митингге адамдар чогулбаганын айтты.

"Азаттыктын" кабарчысы жеринен билдиргендей, азыр район борборунда чогулган адамдар жок.

Жээнбеков 31-майда кармалып, эки айга камалган. Ал“Кумтөр иши” боюнча айыпталууда. (DU/MrA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG