Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:50

Бабанов Кумтөр иши тууралуу: бул толук аша чапкандык, абсурд (видео)


Өмүрбек Бабанов.
Өмүрбек Бабанов.

Мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановду Биринчи май райондук сотуна алып келишти. Райондук сотто бүгүн, 2-июнда анын жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Исхак Пирматов жана Талантбек Узакбаевдердин бөгөт чаралары каралат. Бабанов менен кошо сотко Узакбаевди дагы алып келишти.

Ал сотко кирип баратканда журналисттердин суроолоруна учкай жооп берип жатып өзүнө козголгон кылмыш ишин "акылга сыйгыс" деп атады.

“Бул толук аша чапкандык. Баары абсурд. Мен Кумтөрдөн 16 миң гектар жерди алган жалгыз премьермин. Түшүнүксүз иш болуп жатат. Кудай буюрса сотто жакшынакай чечилет деп ойлойм”.

Бабанов “Азаттыктын” кабарчысынын козголгон кылмыш ишинин "саясий өңүтү тууралуу суроосуна соттун чечиминен кийин белгилүү болорун айтып жооп берди.

Өмүрбек Бабановду 31-майда Улуттук коопсуздук комитети Кумтөр ишине байланыштуу кармаган.

Атайын кызматы мурдагы жана азыркы бир нече аткаминерге айып койду.

Экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов менен мурдагы депутаттар Исхак Пирматов жана Талантбек Узакбаев 48 саатка кармалган.

31-майда кечинде Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров эки айга камалган.

Дагы бир мурдагы өкмөт башчы Игорь Чудинов бул иш боюнча күбө катары көрсөтмө берип чыккан.

Буга чейин атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев кендин ишмердигин иликтөөнүн алкагында бир нече киши камакка алынарын эскерткен эле.

1-июнда Жогорку Кеңештин депутаттары Рыскелди Момбеков, мурдагы депутат Максат Сабиров да УКМКда сурак берди. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG